Видео: Парламент депутаты Жол кайгуул кызматынын башчысы менен чатакташууда

«Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков унаасын токтоткон Жол кайгуул кызматынын инспекторлорун сөгүп, андан соң ЖККнын башчысы Талантбек Исаев менен чатакташып баштаган.

Окуя 20-октябрь күнү кечинде Ала-Тоо аянтында болгон —  Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Орусиянын Федерация Кеңешинин башчысы Валентина Матвиенконун келишине карата тартипти сактоо үчүн депутат Мурзабековдун мамлекеттик 0025 KG номурлуу автоунаасын токтотушкан.

Видеодогу сүйлөшүүлөргө ылайык, депутат Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна орой мамиле кылып, аларга карата жаман сөздөрдү айткан.

Андан соң окуяга жогорку кызматтагы милиционерлер — ЖККнын башчысы Талантбек Исаев менен Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Атантаевдер аралашышкан. Мурзабеков аларды да жаман сөздөр менен сөгүп, унаасынын токтотулушунун себебин айтууларын талап кылган.

ЖККнын кызматкерлери депутаттын унаасын алдыңкы жактагы каптал айнектеринин караңгылатылгандыгынан улам токтоткондуктарын айтып жатышат. Жол кайгуул кызматы депутаттын бул аракеттери боюнча этика жана регламент комитетине арыздануу ниетинде.