Казакстанда Lenta.ruнун мурунку кызматкерлери тарабынан түзүлгөн Meduza долбоору тосмолонду

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында ишке киргизилген Meduza маалымат долбоорунун сайты Казакстандын аймагында тосмолонду. Анын болжолдуу себеби украин окуяларынын Казакстанда кайталанышы ыктымалдыгы жөнүндөгү материалдын жарыяланышы.

Meduza долбоорунун редакциясынын Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүндөгү билдирүүлөрү боюнча, сайт өлкөнүн аймагындагы колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болууда. Аны менен катар долбоордун мобилдик колдонмолору иштеп жатат, iOS же Androidдо материалдардын бардыгы жеткиликтүү.

Сайттын тосмолонушуна журналист Илья Азардын «Усть-Каменогорс элдик республикасы» деген аталыштагы материалы себеп болгон болушу мүмкүн. Азар өз макаласында украин окуяларынын Казакстанда кайталанышы ыктымалдыгы жана «сылык адамдардын» келишин божомолдогон.

Илья Азар окуяны Slon. ru  порталына төмөндөгүдөй деп түшүндүрүп берген: «Көпчүлүгү мени чагымчыл деп аташып, Казакстанда баары сонун, мында которуштура турган эч нерсенин жоктугуна ишендирүүгө аракет кылышты. Алардын пикирлерин мен анчалык чоң эмес көлөмдө макалага кошком, бирок ага карабастан материал жарыялангандан кийин социалдык түйүндөрдө блоггерлердин, өзгөчө казактардын сын-пикирлери жаады.

Meduzaнын чыгаруучусу Илья Красильщик «документалдуу ырастама жок болгону менен макалага карата казак басылмаларындагы тынчсызданган реакцияларды жана тез арада тосмолоп жибергендиктери көрүнүп турганын» айткан.

Аны менен катар казак бийлиги бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле. Байланыш, маалыматташтыруу жана маалымат комитетинен Vlast. kz  интернет журналынын Meduzaнын Казакстанда тосмолонушу боюнча берген суроосуна жазуу түрүндө сурам жөнөтүүнү сунушташкан.

Meduza маалымат долбоору Lenta.ruнун мурунку редактору Галина Тимченко башында турган Lenta.ru порталынын мурунку кызматкерлери тарабынан бир күн мурун ишке киргизилген. Ошол эле Илья Азар тарабынан алынган үстүбүздөгү жылдын мартындагы «чагымчыл» интервьюдан кийин долбоордун башкы директорлору Галина Тимченко менен Юлий Миндер кызматтарынан бошотулушкан. Андан соң бир айдын ичинде жамааттын көп бөлүгү редакцияны таштап кетишкен.

Азыркы учурда Meduza сайты менен колдонмосу түрдүү ЖМКлардын заголовкаларын пайдаланып, жаңылык менен тексттин өзүн анализдеп чыгарган өзүнчө бир маалыматтык басылманы элестетет.