Видео: «Кыргызстандыктар катышкан» Алматыдагы мушташ

19-октябрга караган түнү Алматыда 15ке чукул кыргызстандык «курал колдонулган мушташка» катышышкан, анын жүрүшүндө эки киши жаракат алган, деп билдирүүдө 365info.kz. казак порталы. Азырынча Кыргызстандын ТИМи мушташка кыргызстандыктардын катышкандыгы тууралуу маалыматты ырастаган жок.

Курал колдонулган мушташ 19-октябрь күнү Алматыдагы «Чечил» пабында болгон — алардын арасында ондон ашык кыргызстандык бар болгон, деп билдирүүдө 365info.kz казак сайты.

Окуяга күбө болгон Тимур басылмага берген маегинде эки башка үстөлдө отурган топтун ортосунда айтышуулар болуп, анан бир нече киши «сүйлөшүүгө эшикке чыгышкан», андан соң курал колдонулган мушташ башталып, ок атылгандыгын айткан.

«Мушташ таптакыр күтүүсүздөн башталды. Чатакты кайсыл бир эскертүүгө таарынган кыргыздар баштаган. Мен алардын кээ бирлеринин эшикке чыгып кеткендиктерин көрдүм, анан жердештерин чакырганы пабга киришти. Андан кийин кан жалаган жергиликтүү бир бала келди», — деп жазган басылма анын айткандарын.

Басылманын кабарчысы Катерина Клеменкова Kloop.kgге берген маегинде видеодо көрүнүп турган атайын багыттагы милиция бөлүгүн коңшу жайгашкан үйдүн тургундары чакырган болуулары мүмкүндүгүн айтты.

«ОМОНду жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары чакырышса керек, анткени ок атышуулар угулду. Бир нече жолу атылды. Видеодо бир эле жолу атканы угулууда. Ага чейин бир нече жолу атылып, бычакташуу болуп, кан аккан. Күбөнүн айтымында, курал Кыргызстандан келгендерде болгон. Бирок азырынча андай болгондугун укук коргоо органдары айтпай эле, мен күбөнүн сөздөрү боюнча гана айтып жатам», — деди ал.

Анын айтымында, казак укук коргоо органдары окуя боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле.

«Азырынча алар түшүндүрмө беришпей эле. Ошондуктан биз кандайдын бир реакция болсун деп видеону жарыялап жибердик», — деди ал.

Пабдын администратору Елена Kloop.kgге берген маегинде 19-октябрь күнү клубда чынында эле мушташ болгонун ырастады, бирок ага катышкандардын арасында кыргызстандыктардын болгон-болбогондуктарын билбей турганын айтты.

«Анда чет өлкөдөн келген адамдардын болгонун билем. Бирок кайсыл жактан экенин айта албайм. Биз меймандардан кайсыл жактан келдиңер деп сурабайбыз да», — деди ал.

Анын айтымында, мушташтын жыйынтыгында эки же үч киши жаракат алышкан.

«Мушташ болду, анан ок атышышты. Экөө же үчөө жаракат алышты. Эртеси жаракат алгандардын ата-энелери келишти: бирөөсүнүн бутунда, башкасынын курсагында жаракаттары бар», — деди ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде азырынча кыргызстандыктардын мушташка катышкандыгы тууралуу маалымат жок экенин айтты.

«Азырынча расмий маалымат жок. Эгер мушташ биздин жарандарыбыздын катышуусунда болгондо жергиликтүү укук коргоо органдары Кыргызстандын Алматыдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кабар беришмек. Бирок азырынча маалымат болгон жок», — деди ал.