Карта: Бишкек мэриясы борбордук көчөлөргө бир тараптуу кыймыл киргизүүнү сунуштоодо

Киев, Бөкөнбаев, Гоголь, Сүйүнбаев, Турусбеков жана Үмөталиев көчөлөрүн бир тараптуу кылуу сунушталууда. Бишкек бийлигинин пикиринде, бул жолдордогу кыймылды коопсуздандырып, көчөлөрдүн өткөрө алгычтык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жардам берет.

images.news_.2014.10.3_1280x910

Бишкек мэриясы бул сунушун бетме-бет сүзүлүшүү коркунучунун төмөндөшү, көчөлөрдүн кесилишкен жерлериндеги конфликттүү жерлердин азайышы жана көчөлөрдүн өткөрө алгычтык мүмкүнчүлүгүн арттыруу менен түшүндүрүүдө.

«Бир тараптуу кыймылдын киргизилиши менен транспорт агымдарынын айкалышуулары жана туташуулары бир эле кайрылышта үч эсеге азайышы керек. Бул деген жол кырсыктарынын келип чыгуу ыктымалдыктары эки-үч эсеге азаят дегенди түшүндүрөт», — деп жазган Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына.

Мэрдин айтымында, аны менен катар бир тараптуу кыймыл схемасын киргизүүгө чейин шаар бийлиги аткарышы керек болгон дагы көптөгөн маселелер бар:

  • Көчөлөрдү пландоо практика жүзүндө эки же андан көп параллелдүү көчөлөргө бир тараптуу унаа кыймылын киргизүүгү мүмкүндүк береби?
  • Болжолдонуп жаткан бир тараптуу кыймылдын киргизилиши коомдук транспорттун ишине кандай таасирин тийгизет?
  • Унаалардын агымы үчүн көчөлөрдүн кеңдиги жетиштүүбү жана көчөнүн кээ бир бөлүктөрүндө унаалар өтчү жерди кеңейтүү үчүн транспорт каражаттарын токтотууга тыюу салуу зарылчылыгы барбы?
  • Жол белгилери, жол чырактар жана жол кыймылын көзөмөлдөөнүн башка каражаттарына карата кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл?
  • Каралып жаткан көчөлөрдө кыймылдын интенсивдүүлүгүн жарата турган ишканалар, мекемелер же башка уюмдар жайгашканбы жана бир тараптуу кыймыл киргизүү алардын ишине кандай таасирин тийгизет?
  • Бир тараптуу кыймыл киргизүү болжолдонуп жаткан көчөлөрдүн акыркы пункттары унаа кыймылын оорлотпостон эки тараптуу кыймылдагы көчөлөргө өтүүгө мүмкүндүк береби?

Урматтуу окурмандар, транспорт кыймылынын жаңы схемасы боюнча кандай ойдосуздар? Кандай артыкчылыктары менен кемчиликтерин көрүп жатасыздар? Унаа кыймылынын багыттарынын өзгөрүшү сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн кандай таасирин тийгизет? Өз пикирлериңиздер менен жоопторуңуздарды төмөнкү жакка жазып калтырыңыздар.