Видео: Kazaky тобунун Бишкектеги концерти «гейлерге каршылар» тарабынан үзгүлтүккө учуратылды

«Калыс» кыймылынын «гейлерге каршы» 300гө чукул мүчөсү шиш такачан жана кыналган кийимчен бийлигиндиктери менен белгилүү Kazaky бий тобунун Бишкекте өтүшү керек болгон концертин үзгүлтүккө учуратышты. Уюштуруучулар көптөгөн чыгымдарга дуушар болгондуктарын билдирип жатышат.

Концерт 17-октябрь күнү кечинде Бишкектеги Guns’n’Roses (мурунку «Кремль») клубунда өтүшү керек болчу, бирок ал «Калыс» кыймылынын демонстранттары тарабынан үзгүлтүккө учуратылды.

Митингдин катышуучулары «салттуу баалуулуктар» үчүн жана «гейлерге каршы» чыгып жаткандыктарын билдиришти — Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, алардын саны 300 жакын болгон.

Kazaky тобунун музыкалык клиптери эпатаждуулугу менен айырмаланат — андагы эркек бийчилер шиш такачан жана кыналган кийимчен бийлешет. Аны менен катар топтун мүчөлөрү өздөрүнүн сексуалдык ориентациялары тууралуу эч качан билдиришкен эмес.

Концерттин уюштуруучусу, Guns’n’Roses клубунун арт-директору Данил Мишин Kloop.kgге берген маегинде концерттин үзгүлтүккө учуратылышынан улам клуб көптөгөн чыгымдарга дуушар болгонун айтты.

«Биздин жайга келтирилген чыгымдар кыйла эле көп. Жакшы автоунаа сатып алууга жетмек. Бирок баарынан да биз адамдарга билеттерди сатып, убада берип койуп, милдетибизди аткара албай калганыбыз капалантууда. Көпчүлүгү чынында эле Бишкекке «Kazaky» тобун алып келээрибизге ишенбей жатышкан», — деди ал.

Мишиндин айтымында, милиция митингчилерди токтотууга эч кандай жардам бере алган эмес, жөн гана «ийиндерин куушуруп турушкан».

«Укук коргоо органдары жардам берет деп аягына чейин үмүттөндүк. А чынында эч ким эч нерсе кыла алган жок. Милиционерлер ийиндерин куушуруп коюп жүрүштү», — деди уюштуруучу.

Ал Kazaky тобунун мүчөлөрүнүн өзүлөрү окуяны «жүйөлүү» кабыл алгандыктарын кошумчалады.

«Алардын көбүнүн аялдары бар, кимдир бирөөнүн балдары да бар. [...] Алар жөн эле: «Мейли эми, түшүнүктүү», деп жылмайып коюшту. Аларда мындай окуя биринчи жолу болбой эле, алар өтө чуулгандуу топ катары эсептелишет эмеспи. Мындай учурлар буга чейин деле болгон. Чынында эгер Kazaky тобунун балдары бир аз ызакор болушканда алар гомосексуализмге айыптагандыктары үчүн митингдин катышуучуларын сотко бере алышмак», — деди Мишин.

Видео: «Love» ырынын клиби

Уюштуруучу концерттин үзгүлтүккө учуратылышын ушул бойдон калтырбастыгын кошумчалады. Ал уюштуруу иштерине үстүбүздөгү жылдын сентябрынан бери даярданып келген.

«Албетте, биз унчукпаган бойдон калбайбыз. Бул жөндөн жөн эле, мыйзамсыз уюштурулган митинг. Андай болбошу керек. Биз — оюн-зоок жайбыз. Ага гомосексуализмди пропагандалоонун кандай тиешеси бар? Анүстүнө, эгер алар эрезеге жете элек балдардын психикасы бузулат деп атышса, бизде жаш курагы боюнча чектөөлөр бар болчу. Алардын концерти улуу адамдарга гана чакталган», — деди ал.

Концерттин башталаарына аз калганда Kazaky тобунун Бишкекке келишине каршы болгондордун бири Ислам Байматов Facebook түйүнүнүн колдонуучуларын концертти үзгүлтүккө учуратууга чакырган.

«Урматтуу достор, кесиптештер, агалар менен инилер, эже-карындаштар, бүгүн, бир нече сааттан кийин жанагыл салпаяк ГЕЙлер келип концерт коюшат экен деген маалымат келип түштү. Дареги Киев/Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилиши. Калктын туура ой жүгүрткөн бөлүгүнө кайрылып жатам, аларга каршы чыгыңыздар, концерт боло турган жерге келгиле, досторуңарга чалгыла, социалдык түйүндөрдөн жазгыла, бул маалыматты болушунча көбүрөөк бөлүшүңүздөр!» — деп жазган ал сөзмө сөз.

Kazaky тобу Украинада негизделген. Профессионалдуу төрт бийчиден турган команда 2010-жылы «In The Middle» жана «Love» деген ырларына тартылган клиптери чыккандан кийин белгилүү болуп калган — видеодо Kazakтар кыналган кийимчен шиш така кийип алышып эпатаждуу бийлешет.

Концерттин үзгүлтүккө учуратылышы боюнча кандай пикирдесиз? «Казактардын» өзүлөрүнө болгон мамилеңиз кандай?