Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары көмүр ташуудагы чектөөлөргө каршы иш ташташууда

20дан ашык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Чүй облусунун Кемин районундагы өткөрмө пунктунан өтүүгө уруксат берилишин талап кылып жатышат. Транспорт министрлигинен ал унааларга ашыкча салмактагы көмүр жүктөлгөнүн жана алар «жолдорду талкалашы мүмкүндүгүн» билдирүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы унаалардын салмагын өлчөй турган көзөмөл пунктунда 20дан ашык оор жүк ташуучу унаа иш таштап турушат.

Айдоочулар жергиликтүү унаа жолдору аркылуу оор салмактагы жүктөрдү ташып өтүүгө тыюу салган өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Алар өкмөттү жүк ташуучуларга жардам бергиси келбей жатат деп айыпташууда. Айтымдарында, айдоочулардын көпчүлүгү үйлөрүн күрөгө коюп, унааларын насыяга алып иштеп жүрүшөт.

Кыргызстандын жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Айдар Турсуниязов Kloop.kgге берген маегинде белгиленген норма боюнча жүк ташуу айдоочулар үчүн — пайдасыз экенин билдирди.

«Быйыл — электр энергиясында көйгөй бар, ошондуктан биз 25 тоннадан ташуугу уруксат сураганбыз. Өкмөт уруксат бербей эле. А 10 тоннадан ким ташыйт? Эгер биз 10 тонна үчүн Кара-Кечеге барсак, анан кайра Бишкекке келсек — анда соряркага да жетпей калат», — деди Турсуниязов.

Анын айтымында, учурда жолдо 20-30 чамалуу жүк унаасу жана жүзгө чукул айдоочу бар.

Транспорт министрлигинин өкүлү Истанбек Сейитбеков Kloop.kgге берген маегинде жолдо токтотулган унаалардын салмактары нормадан ашып кеткендигин жана алар өткөрүлбөстүгүн билдирди.

«Эгер дөңгөлөктүн бир огуна 10 тоннадан ашык жүк болсо аларды өткөрүүгө болбойт, анткени жолдорду талкалашат. Аларда өтө эле ашып кеткен. Өткөрбөй жатышат. Ошондуктан алар чогулуп алып талап коюп жатышат. Учурда жол ачык», — деди ал.

Анын айтымында, унааларга көмүрдүн салмактан ашыра жүктөлүп жатышына алдыдагы кышка карата көмүргө болгон суроо-талаптын көптүгү себеп болгон.

«Буга чейин алар жөн эле өтүп жүрүшкөн, анткени салмактары туура келчү. А азыр болсо алдыдагы кышка карата көбүрөөк көмүр жүктөп жатышат, ошондуктан ушундай болууда», — деди Сейитбеков.

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов иш таштаган айдоочулар Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылып жаткандыктарын, бирок бир катар маалымат каражаттары кабарлагандай жолду буубагандыктарын айтты.

«Учурда ал жакта 23 унаа турат. Алардын салмактары нормадан ашык экен, анан ал маселенин чечилишин талап кылып жатышат. Бирок жолдор ал салмакты көтөрө албайт. Анда облустук Жол кайгуул кызматы менен Кемин РИИБсинин жетекчилери башында турган биздин кызматкерлер бар», — деди ал.