Google коомчулукка Nexus 6 смартфону менен Android 5.0 операциялык системасын сунуштады

Америкалык Google компаниясы Nexus 6 смартфонун, Nexus 9 планшетин, Nexus Player ТВ-приставкасын жана операциялык системасынын Android 5.0 Lollipop деп аталган жаңы версиясын сунуштады.

Иш-чара тууралуу компаниянын расмий блогунда жазылган. Google компаниясынын өкүлдөрү Android 5.0 версиясын «эң чоң жана сыймыктуу жаңылануу» деп аташты.

Android 5.0 версиясында системанын сырткы көрүнүшү кайрадан иштелип чыккан, ал Material Design деп аталган — эми анын интерфейсинин элементтери болушунча чакан көрүнөт. Androidдун жаңы версиясы смартфондордо, планшеттерде, ошондой эле Android Wear смарт-сааттарында жана Android Auto башкаруусундагы автоунааларда колдонулат. Android 5.0ти иштеп чыгууда башкы көңүл энергоэффективдүүлүгүнө жана маалыматтардын корголушуна бөлүнгөн. Алсак, операциялык системанын жаңы версиясында иштей турган колдонмо мурдагыдан бир жарым саатка узагыраак иштейт, ал эми девайс жаңылануулары менен бирге ага антивирустарды да орнотуу мүмкүнчүлүгү бар.

Nexus 6 жаңы смартфонун чыгарууну Motorola компаниясына ишенишкен. Бул алты дюймдук IPS экрандуу телефон. Колдонмо кубаттуу Snapdragon 805 процессору, негизги 13 мегапикселдүү жана фронталдуу 2 мегапикселдүү камерасы менен сатыкка коюлат. Смартфон 15 мүнөттүн ичинде эле 6 саатка жеткидей электр зарядын топтоп алуугу мүмкүндүк берген Turbo Charger функциясында иштей алат.N9-grid1-lNexus 9 планшетин HTC компаниясы чыгарат. Экранынын диагоналы 8.9 дюймду түзөт. Компаниянын nVidiaнын Tegra K1видеочип базасындагы планшети менен бирге сатыкка магниттүү бекитмеси бар ийилме клавиатуралар да коюлат.

Бул колдонмолордон сырткары Google Nexus Player деп аталган Asusтун ТВ-приставкасын көрсөттү. Колдонмо бир эле маалда музыка менен тасманы башка колдонуучуларга да бере алат, ошондой эле Android үчүн оюндарды камтыйт. Приставка дисплей жок атайын башкаруу пульту менен сатылат.player-overview-1600Nexus 6 смартфондорунун 32 гигабайт флэш-эс тутумдуу версияларынын баасы 649 АКШ долларынан жогору болот, а Nexus 9 планшетинин эс тутуму 16 гигабайтты түзгөн версиясы — 399 доллардан жогорку баага сатылат. Азырынча ТВ-приставкаларга болгон баалар айтылбай эле.

Бул үч колдонмо үстүбүздөгү жылдын ноябрында сатыкка коюлат.