Энергетика министрлиги: Кыш мезгилинде электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт

Энергетика министринин милдетин аткаруучу кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлө тургандыгын билдирди. Бирок ал өчүрүүлөрдүн узактыгы импорттун эсебинен кыскараарын кошумчалады.

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев парламенттин 16-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болоору билдирди — бул кыргыз бийлигинин 2014-2015-жылдын жылуулук берүү сезонунун алдында чектөөлөрдүн боло тургандыгы жөнүндөгү алгачкы ачык билдирүүсү.

«Биз чектөөлөрдү, тактап айтканда, маал-маалы менен өчүрүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Биз баары бир суу менен электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек, антпесек бүткүл системаны кыйратып алабыз. Жарыкты биринчи этапта түн ичинде, экинчи этабында кечкисин өчүрүүнү сунуштап жатабыз. Маал-маалы менен өчүрүүлөрдүн эсебинен 1,2 млрд. киловатт-саат үнөмдөөгө болот», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Турдубаевдин айткандарын.

Ал «Республика» фракциясынын бүгүнкү жыйынында өчүрүүлөрдүн узактыгы электр энергиясын Казакстандан импорттоонун эсебинен кыскара тургандыгын кошумчалады. Буга чейин энергетика тармагы боюнча эксперттер электр энергиясы күнүнө 4-12 сааттан өчүрүлүүсү ыктымалдыгын айтып жатышкан.

Тема боюнча: Жылуулук берүү сезону: Кыргызстан кышка таш доорунда даярданууда

Кыргызстан учурда 2014-2015-жылдардагы жылуулук берүү сезонунда күтүлүп жаткан энергетикалык каатчылыктын алдында турат. Электр энергиясынын тартыштыгына Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгы себеп болгон — эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, бул өлкөнүн кышка болгон даярдыгынын эң башкы көрсөткүчү.

Энергетика тармагындагы көйгөйлөр профилдик министрликтин башчысы Осмонбек Артыкбаевдин кызматтан кетишине себеп болду — ал ээлеген кызматынан президент Алмазбек Атамбаев тараптан сын-пикирлер айтылгандан кийин кеткен.

Анда өлкө башчысы чиновниктерди энергетика тармагында көйгөйлөрдүн бар экенин мойунга алып, өз аракеттери үчүн жоопкерчиликти алууга чакырган.

«Ошол эле учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн кВт саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр жайдын жана калктын эсебинен — алардын электрин өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм!» — деп жазылган Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев сентябрдын башында электр энергиясын үнөмдөө үчүн кыргызстандыктарды көмүр камдап алууга чакырган.

Өэ кезегинде өкмөт өлкөнүн ар бир облусунда көмүр сатуу жайларын уюштуруп, сауна, ресторан, курулуш объектилери жана унаа жуучу жайлардын электр энергиясы менен жылытуу системалары өчүрүлө тургандыгын убадалаган.