Ысык-Көлдү өнүктүрүү корунда дээрлик 30 киши коррупцияга айыпталып жатат

Башкы прокуратура Ысык-Көл облусун өнүктүрүү корунун Башкаруу боюнча дирекциясынын чиновниктери менен куруучу компаниялардын кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш ишин Каракол шаардык сотуна жөнөттү. Жалпысынан коррупция иши боюнча айыпталуучу катары 28 киши өтүп жатат.

Кылмыш иши 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, «материалдык же башка пайда көрүү максатында» 28 кишиден турган Ысык-Көл облусун өнүктүрүү корунун Башкаруу боюнча дирекциясынын чиновниктери менен жеке компаниялардын кызматкерлери «мыйзамга каршы бекем байланыш» түзүшкөн.

«[...] Мыйзамсыз түрдө материалдык же башка пайда көрүү максатында алар Ысык-Көл облусундагы бир катар бала бакчаларды, педагогикалык окуу жайларды, аймактык ооруканаларды, орто мектептерди жана башка жайларды оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө жеке компаниялардын жумушчулары менен мыйзамга каршы келген бекем байланыш түзүшкөн», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, жалпысынан «коррупциялык схема» мамлекетке 35 млн. сомдон ашкан ири зыян алып келген — тергөөнүн жүрүшүндө алардын 6,7 млн сому кайтарылган.

Айыпталып жаткандар Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча өтүп жатышат — «коррупция», «алдамчылык», «ишенип берилген мүлктү өзүнө алып алуу же сарптап жиберүү», «кызмат абалын кыянат пайдалануу», «кызмат абалын ашыра пайдалануу», «кызматтык документ алмаштыруу» жана «шалакылык».

Ысык-Көлдү өнүктүрүү кору облустун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын кирешесинин 1 пайызын алып турат.

Бирок, Kloop.kgнин кабарчысынын иликтөөлөрүнө ылайык, бөлүнгөн акчанын бардыгы эле туура жумшала берген эмес — жалданма курулуш компаниялар кордун эсебинен акча алышып, бирок курулуш иштерин аягына чейин аткарбай койгон учурлар көп болгон.

Акыркы жылдары ондон ашык курулуш объектилери аягына чейин курулуп бүткөн эмес же эреже бузуулар менен курулган. Алардын арасында мектептер, ооруканалар жана социалдык объектилер бар.

Светлая поляна айылында жаңы мектептин курулушу үчүн 40 млн. сом бөлүнгөн. Бирок андагы курулуш үч жылдан бери аяктабай келет.

16 млн. сомго бааланган Ак-Терек айылындагы спорт комплексинин курулушу 2013-жылы эле аякташы керек болчу. Бирок курулуш иштери үчүн жалданган «ТоргСтрой» компаниясы долбоорду аягына чейин чыгарган эмес. Учурда имарат толук курула элек бойдон турат — болгону анын бет маңдай тарабын гана куруп бүтүшкөн.

Тема боюнча: «Кумтөрдүн» Ысык-Көл облусун өнүктүрүү үчүн бөлгөн акчалары кандайча сарпталууда.