Видео: Бишкектин батышында үч депуттык унаа жол эрежесин бузууда

Парламенттик номурлуу үч унаа Фучик жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен алдыдагы унаанын алдынан «кесип өтүп», экинчи катардан кайрылып жатышат.

Мамлекеттик 0057 KG, 0024 KG, 0067 KG сериялуу номурлар тагылган унаалар Фучик жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен унаанын алдынан «кесип өтүшүп» экинчи катардан кайрылып жатышат. Бул учур бишкектик айдоочунун видеорегистраторуна тартылып алынып, 16-октябрда интернетте пайда болду.

«Депутаттык унаалардын айдоочулары буга чейин деле өтө тартиптүү эмес болчу, эми болсо топтошуп алышып жол эрежесин бузуп жатышат. Булар менен бир нерсе кылуу керек», — деп жазган видеонун автору.

Бишкектин Жол кайгуул кызматы видео боюнча жооп берди — түзүмдүн басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде жол эрежеси бузулгандыгы боюнча парламенттик гаражга кат жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

«Албетте ЖКК ал видео боюнча реакция жасайт. Биз аталган автоунаалар тарабынан жол эрежеси бузулгандыгы тууралуу Жогорку Кеңештин гаражына кат жөнөтөбүз. Азырынча бизде ал номурлардын кайсыл депутаттарга бекитилгендиги тууралуу маалымат жок», — деди Оторов.

Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске ылайык, экинчи катардан кайрылуу үчүн 1000 сом айып пул салынат.