Сүрөт: Кыргызстандагы «гейлерге каршы» мыйзам долбооруна каршы эл аралык флешмоб

ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоо боюнча «Лабрис» уюму «гей пропагандага каршы» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы эл аралык флэшмоб уюштурган. Ал мыйзам чыгаруучу акт 15-октябрда кыргыз парламенти тарабынан биринчи окууда кабыл алынган.

Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, акциянын максаты «Кыргызстандын парламентинин басмырлоочу демилгелерине улуттук жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу».

Флэшмоб «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган мыйзам долбоордун парламентте каралып жатышынын фонунда өтүүдө.

Ал мыйзам долбоору 15-октябрда кыргыз парламенти тарабынан көпчүлүк добуш менен биринчи окууда кабыл алынган — документтин кабыл алынышы үчүн 86 депутаттын 79у добуш беришкен.

Акция интернетте #supportLGBTkg хэштегинин алдында өтүүдө.

Баары тең. Бардыгы — жарандар.
Баары тең. Бардыгы — жарандар.
Солдон-оңго: ЛГБТга карата опузалоо, зомбулук жана кыйноо жок. Аларды кемсинтүүнү токтотолу, укук коргоо органдарынын жумушчуларынын арасындагы коррупция менен күрөшкүлө. Адам укуктарынын бузулушу тууралуу айтуу — бул дагы укук…

Басмырлоо ВИЧке «жашыл түс» берет.
Басмырлоо ВИЧке «жашыл түс» берет.
Адам укуктарысыз туризм жок.
Адам укуктарысыз туризм жок.
Кыргызстанда гомофобиялык мыйзам долбооруна жок.
Кыргызстанда гомофобиялык мыйзам долбооруна жок.
Мен ЛГБТны басмырлаган өлкөгө саякатка барбайм.
Мен ЛГБТны басмырлаган өлкөгө саякатка барбайм.
Кыргызстан — дүйнө жүзү сени карап жатат.
Кыргызстан — дүйнө жүзү сени карап жатат.
Коопсуздук бардык адамдар үчүн.
Коопсуздук бардык адамдар үчүн.
Маалымат берүү үчүн куугунтуктоолорго жок.
Маалымат берүү үчүн куугунтуктоолорго жок.