Парламент «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды [+видео]

Парламент депутаттары биринчи окууда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» каршы мыйзам долбоорун кабыл алышты —жыйынга катышкан 86 депутаттын 79 мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн добуш беришкен.

15-октябрда Кыргызстандын парламентинин депутаттары көпчүлүк добуш менен «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» каршы мыйзам долбоорун кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн жыйында каттоодон өткөн 86 депутаттын 79у добуш берип, 7си каршы болгон.

Мыйзам долбоору парламентте бүгүн талкууланган жок — талкуу 9-октябрда өткөн.

Анда бир катар депутаттар документте белгилүү бир түшүндүрмөгө ээ эмес субъективдүү терминдердин бар экендигин белгилешкен — депутат Курманбек Осмонов «жакшы пикир калтыруу» термининин белгилүү бир түшүндүрмөгө ээ эмес экенин белгилеген.

Парламентарий Наталья Никитенко мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы адам укуктарына терс таасирин тийгизе тургандыгын айткан. Вице-спикер Асия Сасыкбаева ансыз деле Кыргызстанда милиция «салттуу эмес ориентациядагы» адамдарга «ыраймсыздык» менен мамиле кылып келээрин белгилеген.

Калган депутаттар мыйзам долбоорунун демилгечилерин колдошкон.

Консервативдүү көз караштагы депутат Турсунбай Бакир уулу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү «салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап калууга жардам бере» тургандыгын айткан.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров болсо экинчи окууга карата «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге жакшы пикир калтыруу» үчүн жазаны катаалдатууну сунуштаган.

Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде «жакшы пикир жаратуу» термини мыйзамда кандай жол менен аныктала тургандыгын жана «салттуу эмес сексуалдык байланыштардын» эмне экендигин түшүндүрүп бере алган эмес.

«Салттуу мамилелер — бул Кудай эркек менен аялды жаратты, салттуу үй-бүлө, аялы менен күйөөсү, бул салттуу. Табигый үй-бүлө — бул коомдун уясы. Анда биздин каада-салттарыбызды сактоо укугу бар. Ал эми бир жыныстуу үй-бүлө куруу биздин кыргыз коому үчүн өөн нерсе», — деген ал.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдү (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.