«Кампо Санто» компаниясынын негиздөөчүлөрү дүйнөнү багындырып, миллиарддарды иштеп тапкылары келбейт алар жөн гана өздөрүнүн сүйүктүү иши менен алектенүүнү каалашат. Таң калычтуу, бирок мындай мамиле алардын долбоорун кеминде эки жыл каражат менен камсыз кылган.

«Кампо Санто» — бул бир гана максатка — эмдиги жылы чыга турган компьютердик «Файрвотч» оюнуна арналган стартап.

Каржылоосунун тобокелдүү экендигине, кеңсесинин эки бөлмөнүн аянтындагыдай көлөмдө жана кызматкерлеринин саны болгону 10 гана кишини түзөөрүнө карабастан компания бир катар ийгиликтерге жетишкен — «Файрвотч» беделдүү делген IGN веб-сайтынын версиясы боюнча, 2015-жылдын эң күтүлүп жаткан оюндарынын бири болуп саналат.

Мындай жетишкендиктин сыры компаниянын негиздөөчүлөрү — Шон Ванаман менен Джэйк Родкин — чынында эле күчтүү команданы чогулта алгандыгында. «Кампо Сантодо» жогорку маяна алган программисттер менен графикалык дизайнерлер иштешет, алар эртеден кечке чейин иштешет.

Видео: «Кампо Сантонун» кеңсесине саякат:

Чоң корпорациялардан качуу

Ванаман менен Родкин Кремний өрөөнүндөгү ар бир ийгиликтүү компаниянын негизин түзгөн парадокстон улам кызматкерлерди таап, долбооруна каражат тарта алышкан.

Шон Ванаман
Шон Ванаман

Ийгиликтүү стартаптар өз алдынча чечим чыгарууга даяр, тобокелчиликке барып, буга чейин эч ким жасабаган нерселер менен алектене турган өзгөчө типтеги кызматкерлерди талап кылат.

Эгер стартап андай кызматкерлерди таба турган болсо, эреже катары ал ийгиликтерге жетишип, убакыт өткөн соң чоң корпорацияга айланат.

Бирок андай чоң компанияларга эми андан да башка типтеги — коюлган милдеттенмелерди түшүнүп, так аткара ала турган кызматкерлер керек болот.

Андай чөйрө жеңил стартап жашоосуна көнүп калган кызматкерлерге тар жана көңүлсүз сезилип калат. Аларга жогорку айлык маяна менен түрдүү кошумча сыйакылар жардам бербейт, алар түштөнүү маалында бильярд жана компьютердик оюндар менен алектенүүсүн токтотушат.

Анткени кошумча сыйакылар — бул башка, а өз өмүрүңдүн көбүн арнаган нерсе — таптакыр башка нерсе болот. Анан алар кетишет. Каякка? Албетте, кайрадан стартаптарга.

«Мага буга чейинки жумушумда иштеген жакчу. Андагы мен иштеген долбоорлор жакчу. Бирок мага мен жетким келген ар бир кичинекей кадам үчүн жүздөгөн адамдар менен атаандашуу жакчу эмес. Мен чоң компаниялардын ички байланыштарынын оордугунан тажадым», — дейт «Файрвотч» оюнунун иштеп чыгуучусу Уильям Армстронг.

Уильям Армстронг
Уильям Армстронг

Армстронгдун пикиринде, Кремний өрөөнүндө кичинекейрээк компанияларга өтүү башкы тенденцияга айланууда.

«Мен жогорку айлыгы бар, туруктуу жумуштан баш тарткан көп адамдарды билем — болгондо да алар көп жылдык тажрыйбага ээ алдыңкы иштеп чыгуучулар, алдыңкы адистер», — деп ишендирди ал.

«Кампо Сантонун» негиздөөчүлөрү кызматкерлерди тартуу менен аларга кайрадан кызыктуу бир нерсе менен алектенүүнү, процесске катышууну сунушташкан.

Аны менен катар чоң-чоң корпорацияларда иштөө боюнча тажрыйбага ээ Ванаман менен Родкин «Кампо Санто» андай болбошу керек деген чечимге келишкен.

«Биз өтө өнүгүп кетүүнү каалабайбыз, каржылык жактан өзүн актаса дейбиз», — дейт Ванаман.

Акча табуу менен көзөмөлдү жоготпоо

«Файрвотч» — PC, MacOS жана Linux үчүн 4-5 сааттын ичинде өтүүгө эсептелген «мистери» стилиндеги толук масштабдуу оюн.

Негиздөөчүлөрдүн айтымдарында, аны иштеп чыгууга эки жылга чукул убакыт талап кылынат. Оюнду иштеп чыгуу 2013-жылы башталган, демек жакшы болду дегенде сатуудан алгачкы акчалар 2015-жылы түшө баштайт (эгер түшө турган болсо).

Оюнду иштеп чыгуу жана жамаатты кармап турууга акчаны кайдан алуу керек?

Кремний өрөөнүнүн көптөгөн стартаптары инвестиция менен кызматкерлерди компаниядагы үлүштөрүн сунуштоо жолу менен тартышат. Ошентип, негиздөөчү эң башында эле өзү негиздеген компанияны көзөмөлдөө укугунан ажырайт. Ошол эле Гуглдун негиздөөчүлөрү бүгүн компаниянын жарымына да ээлик кылышпайт.

«Кампо Сантонун» негиздөөчүлөрү алардан айырмаланып өз компанияларынын жеке ээлери бойдон калышууда.

«Биз туруктуулук менен акчаны өз продуктуларыбыздын үстүнөн чыгармачылык көзөмөлгө ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө алмаштырдык», —  деп түшүндүрдү Ванаман.

Анткени «Кампо Сантого» алардын эркиндигин чектебей турган жана директорлор кеңешин түзүү керек деп баш оорутпаган инвестор керек болчу.

«Файрвотч» оюнунун расмий трейлери:

Мобилдик колдонмолор дүйнөсүнөн келген инвестор

Андай инвестор күтүүсүздөн эле өзү табылып калган — Айфондор үчүн чыгарган колдонмолору менен белгилүү «Пэник» (Panic) компаниясынын башчысы Кэйбл Сассер Ванаман менен Родкинге «Файрвотч» долбоорун каржылоону сунуштаган.

«Биз iOS үчүн ар кандай пазлдар менен кийинекей оюндарды деле жасамакпыз, бирок мен дайыма кандайдыр бир чоң жана көрүнүктүү оюн менен алектенгим келчү», — деген Сассер «Полигон» журналына берген былтыркы маегинде.

«Бизде минималдуу тобокелчилик менен кантип чоң долбоорду ишке киргизүүгө болот деген суроо болгон. Анан бир күнү Джейкке [Родкинге] бизде бир аз үнөмдөлгөн акчабыз бар экенин жана аны алардын долбооруна жумшагыбыз келип жатканы тууралуу кат жаздым», — деп уланткан Сассер.

Джэйк Родкин
Джэйк Родкин

Жыйынтыгында Пэник «Кампо Сантонун» инвестору гана болуп калбастан, учурда «Файрвотчту» түзүүгө активдүү жардам берип жаткан кези.

«Кагазда биз акча толтура кап көтөргөн байкелердей көрүнөбүз. Чынында биз оюндун үстүнөн иштөөдө белгилүү бир салымыбызды кошуп жатабыз», — деп түшүндүргөн Сассер.

Албетте, стартапты түзүү — бул тобокелдүү иш. «Пэник» компаниясы «Кампо Санто» акчаны оюндан түшкөн кирешесинин эсебинен төлөп берет деп күтүп жатат.

Эгер оюн ийгиликтүү болбой калса анын кандай кадамдарга бара тургандыгы жөнүндө берилген суроого, Ванаман жамаатка эки айга айлык маяна төлөп берип, компанияны банкрот деп таап, компьютер оюндары тармагынан кете тургандыгын айткан.

«Бизге өзүбүздү банкрот деп жарыялоого туура келет, анткени бизде эч качан төлөп бере албай турган өтө чоң карыбыз болот», — дейт ал.

Бирок бүгүнкү күндө «Кампо Сантонун» негиздөөчүлөрү менен кызматкерлери чоң компанияларда иштеп жете албай турган нерсеге ээ — ал чыгармачылык эркиндик.

«Биз түзгүбүз келген оюндарды түзүү үчүн «Кампо Сантону» ачканбыз», — дейт Ванаман.

Kloop.kgнин редакциясы видеосюжеттерде музыкаларын пайдаланууга уруксат бергендиги үчүн Pistachio рок-тобуна жана жеке Энтони Давиррого ыраазычылык билдирет.