Видео: Николай Валуевдин Бишкектеги чыгармачылык кечеси

Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону жана Мамдуманын депутаты Николай Валуев 11-октябрда Бишкекте чыгармачылык кечесин өткөрдү. Анын айтымында, кеченин максаты «спортчулар жөнүндөгү стереотиптерди жок кылуу» болгон.

11-октябрда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Николай Валуевдин чыгармачылык кечеси өттү.

Ал өзүнүн өмүр баяны жана жашоо жөнүндөгү ой жүгүртүүсү тууралуу Бишкектеги орус драмалык театрда айтып берди — анын чыгармачылык кечеси пландалгандай бир жарым саат эмес, үч саатка чейин созулду.

Көрүүчүлөрдүн бири Валуевдин Мамдумадагы кесиптештери Алина Кабаева менен Владимир Жириновский тууралуу кандай ойдо экенине кызыкты — ал телеберүүнүн эфиринде Кабаеваны Орусиянын президенти Владимир Путинге турмушка чыккандыгы менен куттуктагандыгын, а бирок кийинчерээк анын ушак экендигин билгендигин айтты.

Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону саясат тууралуу азыраак кеп кылууга аракет кылды, бирок ал кеченин «бир аз саясатташкандыгын» белгиледи.

«Спорттун жардамы менен чоң-чоң эшиктер ачылат. Бирок баарынан да мен улуу өлкөбүздө жаралган биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы мамиле эч жакка кетпегендигин айткым келүүдө», — деди Валуев.