Видео: Манас аба майданында Эболаны кантип аныкташат

«Манас» аба майданынын өкүлдөрү Эбола вирусу менен ооругандарды кантип аныктоону пландап жаткандыктарын журналисттерге көрсөтүштү — медиктер тепловизорлор менен атайын карантиндик жайларды пайдалануу ниетинде.

Эпидемиолог-дарыгер Мирлан Чекиев «Манас» аба майданында Эбола вирусунан коргонуу ыкмалары кандай көрүнүштө болоору тууралуу журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн дене температураларынын жогору болгондорун 20 метр алыстыкта аныктай турган тепловизор жабдууларын жана ооруга чалдыккан деп шектелгендер жайгаштырыла турган карантиндик жайларды пайдалануу пландалууда.

«Учактан топтошкон жүргүнчүлөр түшүп келе жатканда биз аларга жабдууну багыттайбыз. Эгер ал дене температурасы жогору болгон адамды аныктай турган болсо экранда ал кызыл болуп белгиленип калат. Биз ал адамды карантиндик жайга алып барабыз да Бишкектен медициналык топту чакырабыз», — деди Чекиев.

13-октябрь күнү парламентте саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев Кыргызстанда Эбола вирусуна чалдыккандар аныкталбагандыгын билдирген.

Анын айтымында, министрликте ооруну аныктоо боюнча иштер күчөтүлгөн — жакынкы убактарда чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пунктарында кошумча 12 санитардык пост ачуу пландалып жатат.

«Санитардык-көзөмөл пункттары оорулуулар аныктала турган болсо аларды обочолонтуу үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган. Андан сырткары медицина кызматкерлери үчүн тренинг-окутуулар өткөрүлүүдө. Азыркы учурда Кыргызстанда ал ооруга чалдыккандар тууралуу расмий маалыматтар жок», — деп жазган КирТАГ агенттиги чиновниктин айткандарын.

Геморрагиялык Эбола оорусу өлүү деңгээли жогору болгон дүйнөдөгү эң оор жана тезирээк жуга турган оорулардын бири болуп саналат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2014-жылдын октябрынын ортосуна карата Эбола оорусуна чалдыккандардын саны 8470 кишиге жетип, алардын жарымына жакыны каза болушкан.

Батыш Африкада Эбола вирусунун бул жолку тутанышы тарыхтагы эң масштабдуусу деп аталды. Ал 2014-жылдын февралында Гвинеяда башталган. Кийинчерээк вирус Сьерра-Леон, Либерия, Нигерия, Конго Демократиялык Республикасы жана Сенегал өлкөлөрүнө тараган.

Сентябрдын аягында, октябрдын башында вирус Африка континентинин чегинен сыртка чыккан — азыр бул ооруга чалдыккандар АКШ менен Европада аныкталышты.

Эбола түздөн-түз байланышта кан, организмдин суюктуктары жана ооруга чалдыккан жаныбарлар же адамдардын ткандары аркылуу жугат.

Оорунун бул түрү алгачкы жолу 1976-жылы катталган: анда бул ооруга Конгонун Эбола дарыясынын жээгинде жашаган 318 тургуну чалдыккан.