Видео: Бишкектин түндүгүндө үч унаа сүзүштү

14-октябрда Бишкектин түндүгүндө үч автоунаа сүзүштү. Эки унаанын айдоочулары ооруканага жеткирилишти.

Ак түстөгү «Хонда Одиссей», ачык жашыл түстөгү «Хонда Авансьер» жана көк «Ауди 80» 14-октябрь күнү күндүз Элебесов көчөсүндө сүзүштү.

Кырсыктын кесепеттерине күбө болгон Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цайдын айтымында, «Авансьер» менен «Аудинин» айдоочуларын тез жардам кызматы алып кеткен.

Азырынча кырсыктын башка жагдайлары белгисиз.