Видео: Бензинге болгон баанын жогорулашына каршы Бишкектеги митинг

«Жаңы муун» саясий кыймылынын мүчөлөрү күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын жогорулашына каршы нааразычылык акциясына чыгышты — алар баалардын жогору болушунун себеби катары рыноктун орусиялык жеткирүүчүлөр тарабынан монополизацияланышын айтып жатышат.

Митингди өткөрүүгө литринин баасы бир долларга жакындап калган бензиндин кымбатташы түрткү болгон — активисттер күн сайын президент Атамбаевдин кортежи өткөн жол жээгинде турушуп, андан соң колонна менен автожүрүшкө жөнөштү.

Активисттер Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баалардын жогору болушунун себеби катары орусиялык «Газпромдун» монополизациясын эсептешет.

«Эл кандай гана баа болбосун сатып алууга аргасыз. Анткени тандоо жок. Бүгүн Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда бир монополист — «Газпром» бар. Өкмөт башка оюнчуларды киргизүүгө аракет да кылбай эле. Эгер бүгүн таза атаандаш пайда болсо, анда баалар эртең эле өзгөрмөк», — деди Саралаев.

Алар өкмөттү кыргыз рыногуна башка жеткирүүчүлөрдү тартууну каалабай жатат жана күйүүчү майды Тажикстан менен Ооганстанга аткезчилик менен өткөрүүгө жол берип жатат деп айыпташты.

Активисттер курамына өкмөттүн, жарандык коомчулуктун жана Нефтетрейдерлер бирикмесинин өкүлдөрү кирген күйүүчү-майлоочу майга болгон бааларды көзөмөлдөө боюнча коомдук кеңеш түзүүнү сунушташты.

«Баштапкы өндүрүүчүдөн тарта акыркы керектөөчүгө чейин коррупциялык фактыларды иликтөөсү керек. Анан ал отчет катары элге көрсөтүлсүн. Биз муну өтө маанилүү деп эсептейбиз», — деди активисттердин бири Адил Турдукулов.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар:UCV1

«Орусиялык жеткирүүчүлөрдүкүнөн арзаны жок»

Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов активисттердин «Газпромдун» монополиясы тууралуу айткандарын четке какты.

«Биздин рынокто мунай продуктуларын импорттоп саткан 20дан ашык компания бар. Алардын ар бири чыгымдарына карап бааларды өз алдынча белгилешет. Өлкөдө 650 май куюу жайы бар, алардын 111и гана «Газпромго» тиешелүү», — деди Кулов.

Анын айтымында, күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн, Азербайжан менен Түркмөнстандан алып келүү варианттары эсептелип чыккан — алар Орусиянын отунунан арзан болбойт.

«Бүгүнкү күнгө карата орусиялык жеткирүүчүлөрдөн арзаныраагы жок. Азербайжан жана Түркмөнстан менен байланышкан варианттар деле кымбат жана атаандаша албайт. А Казакстанда болсо биздин өлкөгө мунай продуктуларын киргизүүгө тыюу салынган — алардын өзүлөрүнө жетпей жатат», — деп кошумчалады Кулов.

Азырынча бийлик активисттердин бул митингине эч кандай реакция жасай элек.

Тема боюнча: Инфографика: Кыргызстанда акыркы 12 жылдын ичинде бензин баасынын өсүшү

Тема боюнчаБензин  кыймылдаткычтуу унааларды жол жүрүү каражаттарынын кайсыл түрүнө алмаштырууга болот