Кыргызстан ББга киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: административдик айып пулдар жогорулайт

Парламент Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча мыйзам долбоорлордун биринчи пакетин биринчи окууда кабыл алды. Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске киргизилген өзгөртүүлөр бажы мыйзамдарын бузуу үчүн болгон айып пулдардын көбүнүн жогорулашын сунуштайт.

Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске киргизилген өзгөртүүлөр

Бажы тармагындагы административдик мыйзам бузуулар үчүн болгон айып пулдардын көбү жогорулайт. Ошондой эле айып пулдун өлчөмүнө товардын же транспорттун баасынын 10 пайыздан 100 пайызга чейинкиси кошулат.

Эгер бажы төлөмү төлөнбөгөн импорттук автоунаа башка жеке же юридикалык жактарга бериле турган болсо, айып пул салынат:

  • 5 миң сомго чейин (учурда — 300 сомдон 1 миң сомго чейин);
  • кызмат адамдары —транспорт каражаттары жана товарлардын баасы менен бирге 10 миң сомго чейин (учурда — 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин);
  • юридикалык жактар — траспорт каражаттары жана товарлардын баасы менен бирге 30 миң сомго чейин (учурда — 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин).
Бажы мыйзамдарын бузуу үчүн каралган айып пул өлчөмдөрү бир нече эсеге жогорулайт.
Бажы мыйзамдарын бузуу үчүн каралган айып пул өлчөмдөрү бир нече эсеге жогорулайт.

Бажы көзөмөлүндөгү товарлар же транспорт каражаттарына болгон документтерди жоготуу же көрсөтпөө үчүн айып пул салынат:

  • жарандар — 3 миң сом (учурда — 500 сомго чейин);
  • кызмат адамдары — 5 миң сом (учурда — 500 сомдон 2 миң сомго чейин);
  • юридикалык жактар — 10 миң сом (учурда — 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин же документтери көрсөтүлбөгөн товардын наркынын 25-50 пайызы).

Товарларды, транспорт каражаттарын жана документтерди жеткирүү үчүн бажы органы тарабынан бекитилген мөөнөттү сактабагандыгы үчүн айып пул салынат:

  • жарандар — 2 миң сом (учурда — эскертүү же 200 сомдон 2 миң сомго чейин);
  • кызмат адамдары — 5 миң сом (учурда — эскертүү же 200 сомдон 2 миң сомго чейин);
  • юридикалык жактар — 10 миң сом (учурда — эскертүү же 200 сомдон 2 миң сомго чейин).

Товар катары Бажы биримдигинин чек арасы аркылуу транспорт каражаты менен өтүп бара жаткан жаран же кызмат адамы чек ара өтмөрмө пунктунан токтобосо эскертүү алат:

Эгер сатууга багытталган автоунаада бара жаткан жаран же кызмат адамы  чек ара өткөрмө пунктунан токтобосо, айып пул салынат:

  • жарандар — 2 миң сом (учурда — 300 сомго чейин);
  • кызмат адамдары — 5 миң сом (учурда — 500 сомдон 1 миң сомго чейин).

Бажы декларациясы аяктай элек товарлар же транспорт каражаттарын сатуу же сатып алууда айып пул салынат:

  • жарандар — ал товарлардын же транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү менен бирге 5 миң сом (учурда — 200 сомдон 500 сомго чейин);
  • кызмат адамдары — ал товарлардын же транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү менен бирге 10 миң сом (учурда — 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин);
  • юридикалык жактар — ал товарлардын же транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү менен бирге 50 миң сом (учурда — 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин).
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункту. Сүрөт: Gazeta.kg.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункту. Сүрөт: Gazeta.kg.

Товарларга же транспорт каражаттарына болгон бажы деклорацияларын тапшыруу мөөнөтү сакталбаган учурда айып пул салынат:

  • жарандар — 300 сомдон 5 миң сомго чейин (учурда — 200 сомдон 500 сомго чейин);
  • кызмат адамдары — 2 миң сомдон 7 миң сомго чейин (учурда — 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин);
  • юридикалык жактар — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин (учурда — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин же ал товарлар менен траспорт каражаттарынын наркынын 10-100 пайызы).

Эгер жаран, кызмат адамы же юридикалык жак талап боюнча товарларды же транспорт каражаттарын Бажы биримдигинин аймагынан чыгарып кетпесе айып пул салынат:

  • жарандар — ал товарларды же транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу менен 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин (учурда — 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин);
  • кызмат адамдары — ал товарларды же транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу менен 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин (айып пул өлчөмү өзгөргөн жок);
  • юридикалык жактар — 10 миң сомдон 70 миң сомго чейин же ал товарлар менен транспорт каражаттарынын наркынын 10-100 пайызы (айып пул өлчөмү өзгөргөн жок).

Бажы жол-жоболорундагы (буга чейин «режим» болчу) товарлар жана транспорт каражаттары менен мыйзамга ылайык келбеген операцияларды жасоо үчүн айып пул салынат. Аны менен катар «режим» аныктамасынын «жол-жоболорго» өзгөртүлүшүнөн айып пул өлчөмдөрү өзгөрбөйт.

  • жарандар — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу менен 900 сомдон 2 миң сомго чейин;
  • кызмат адамдары — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу менен 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин;
  • юридикалык жактар — 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин же ал товарлар менен транспорт каражаттарынын наркынын 20-100 пайызы.
Сүрөт: olkperm (Flickr.com).
Сүрөт: olkperm (Flickr.com).

Бажы кызматы тарабынан белгиленген форма боюнча декларация бербеген товарлар менен транспорт каражаттарына жалган декларация берген учурда айып пул салынат:

  • жарандар — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу же алардын наркын төлөтүп алуу менен 5 миң сом (учурда — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу же алардын наркын төлөтүп алуу менен 2 миң сом);
  • кызмат адамдары — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу же алардын наркын төлөтүп алуу менен 10 миң сом (учурда — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу же алардын наркын төлөтүп алуу менен 10 миң сом);
  • юридикалык жактар — ал товарлар менен транспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына алуу же алардын наркын төлөтүп алуу менен 100 миң сом (айып пул өлчөмү өзгөргөн жок).

Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү бузулган учурда айып пул салынат:

жарандар — 500 сомдон 3 миң сомго чейин (учурда — 500 сомдон 1 миң сомго чейин);
кызмат адамдары — 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин (айып пул өлчөмдөрү өзгөргөн жок);
юридикалык жактар — 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин же төлөнбөгөн төлөмдөрдүн суммасынын 10-50 пайызы (айып пул өлчөмдөрү өзгөргөн жок);
Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдүн толук долбоорун шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

Сүрөт: Gazeta.kg