Видео: Кыргызстандык окуучу кыз орусиялык «Артист» шоусунун финалына өтпөй калды

Аяна Касымова орусиялык популярдуу «Артист» ыр сынагынын финалына өтпөй калды — Кыргызстандан барган окуучу кызга көрүүчүлөрдүн добуштарынын 3 гана пайызы жетпей калды.

Аянанын атаандашы Ромади Кагита болду — шоунун эрежеси боюнча, катышуучулар эки-экиден болуп түгөйлөргө бөлүшүшүп, атаандаштары аткара турган ырларды тандашкан. Кыргызстандык катышуучу «When I was your man» деген ырды акыркы түгөйдө аткарды.

Катышуучулардын тагдырын онлайн-добуш берүү аныктады — көрүүчүлөр смартфондор үчүн бекер колдонмонун жардамы менен жеңүүчүнү тандап алышты.

Аяна Касымова көрүүчүлөрдүн добуштарынын 82 пайызына ээ болду. Бирок финалга Ромади өттү — ал үчүн көрүүчүлөрдүн 85 пайызы өз добуштарын беришкен.

«Артист» шоусу — 2013-жылы популярдуу болгон Израилдин Rising Star деген музыкалык берүүсүнүн анологу.