Видео: Кыргыз бийчилеринин Орусиянын шоусундагы укмуштуудай бийи

«Тумар» тобу 11-октябрда орусиялык популярдуу «Танцы» шоусунда бийлешип, сынактын кийинки баскычына өттү. Анда алар 3 млн. рублди түзгөн баш байге үчүн ат салышышат.

Курамында белгилүү орусиялык шоумен Сергей Светлаков жана бийчилер Егор Дружинин менен Мигель бар калыстар тобунун мүчөлөрү Караколдон барган «Тумар» тобуна баары тең «ооба» дешти — ошентип кыргыз бийчилери шоунун кийинки баскычына өтүштү.

Тандоолордун жыйынтыгы боюнча «Танцы» шоусунун калыстары финалга катыша турган 24 мыкты катышуучуну тандап алышат. Финалда жеңишке жеткендер 3 млн. рублге ээ болушат.