Сулуулук индустриясынын Бишкектеги көргөзмөсү (сүрөт жана видео)

Бишкекте биринчи жолу косметика, парфюмерия, эстетикалык медицина жана Beauty Expo жабдууларынын эл аралык көргөзмөсү 9-октябрдан 11-октябрга чейин өтүүдө. Kloop.kgнин кабарчысы иш-чарада болуп, Бишкекте beauty-индустриянын кандай жаңы технологияларын табууга болоорун билип келди.

Көргөзмөдө Beaty-индустриясынын макияж жасоо, маникюр, кирпик өстүрүү сыяктуу багыттары боюнча түрдүү мастер-класстар менен презентациялар өтүүдө.Beauty-Expo-71Уюштуруучулардын айтымдарында, Beauty Expo — бул рыноктун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктары бириге турган жер: анда жаңы нерселер чыгарылып, жаңы келишимдер түзүлүп, сулуулук индустриясынын адистеринен жаңы билимдер менен тажрыйбаларды алууга болот.Beauty-Expo-61Көргөзмөдөгү кызыктуу нерселердин бири – украиналык make-up машыктыруучу Анастасия Левандовскийдин аэрография боюнча мастер-классы.Beauty-Expo-81Аэрография — бул аэрографтын жардамы менен беттин жана дененин терисине косметиканы чаң сыяктуу кылып майдалап себе турган макияж жасоо ыкмасы.Beauty-Expo-13Анастасиянын өзүнүн билдиришинче, макияж жасоонун бул ыкмасынын зыяны жок — аэрография үчүн адамдын терисин бузбай турган атайын боектор пайдаланылат.Beauty-Expo-11«Аэрографикалык макияж бир топ эле жөнөкөй жана тез жуулуп тазаланат», — дейт Анастасия.Beauty-Expo-14Макияж боюнча мастер-класстардан сырткары эстетикалык медицина боюнча да презентациялар өткөрүлүүдө.Beauty-Expo-16Эстетикалык медицина — медициналык ыкмалардын жардамы менен беттин терисин сымбаттаган сулуулук жана ден соолук индустриясынын тармагы.Beauty-Expo-91«Sun Max» сулуулук студиясы өз кардарларына автордук ыкма менен кирпик өстүрүү процедурасын сунуштайт — бул ыкманын өзгөчөлүгү андагы ар бир кирпиктин түзүлүшү жагынан адамдын чачына жакын болгон синтетикалык буладан жасалгандыгында.Beauty-Expo-101Автор: Кубан Макешов