Шиш такачан эркектер: Эпатаждуу бийчилердин Бишкекке келиши ксенофобиянын күчөшүн жаратууда [+видео]

Kazaky бий тобунун Кыргызстанга келишине дагы 10 күн бар, бирок эпатаждуу бийчилердин келе тургандыгы жөнүндөгү кабар социалдык түйүндөрдө азыр эле кыжырданууларды жаратууда. Пикирин калтырган колдонуучулар шиш така кийген эркектерге «ислам өлкөсүндө» орун жок деп эсептеп жатышат.

Коомдук активист Айбек Баратов өзүнүн баракчасында «Европанын эң чуулгандуу долбоору эми Бишкекте! Кайдай ойдосуңар, достор?» деген суроо жазып, афишасы менен бөлүшкөн. Баратовдун бул суроосу «достору» менен социалдык түйүндүн колдонуучуларынын арасында ар түрдүү пикирлерди жаратып, бир нече сааттын ичинде эле 150дөн ашык комментарий жазылган.

Колдонуучулар эки жаатка бөлүнүшкөн. Бир тарабы Kazaky тобу өзүнүн сырткы көрүнүшү жана бийи менен гомосексуалдуулукту «пропагандалай» тургандыгына ишенишет жана алардын Кыргызстанга келишин «ислам өлкөсүнө» жарабайт деп эсептешет. Башкалары бийчилердин бийи «жакшы шоу» жана «искусство» болот деп ишенип жатышат.

Шоунун каршылаштары

Karina Daniel аттуу колдонуучу гомофоб экенин жана топтун бийчилерине «мусулман өлкөсүндө орун жок» деп эсептей тургандыгын жазган.

«Орун жок, анткени мусулман дүйнөсү аларды кабыл алган күндө да ал ажалдын башталышы болот. Бул бир жыныстуу жиндиликтин башкы жыйынтыгы — бала төрөлүүнүн азайышы. Калктын өтө көбөйүп кетиши менен баалуулуктарды жасалма түрдө киргизүү өз жемиштерин бере баштады. Мен балдар менен жаштар бир жыныстуу сүйүүнү балдар төрөлгөн нормалдуу үй-бүлөгө ылайыктуу альтернатива катары эсептөөсүнө каршымын. Ооба, мен бизге алардын маданиятын таңуулап жаткандыктарына каршымын. Бул болбогон нерсени Европа легалдаштырсын, бирок аны минтип башка өлкөлөргө таңуулоого аракет кылышпасын. Өзгөчө Чыгыш менен Азияга», — деп кошумчалаган ал.

Тилек Токомбаев деген башка колдонуучу Каринанын пикирин колдоп, «өлкөнүн жарымынан көбү» Ислам динин кармана тургандыгын жана бул долбоор Кыргызстадын жарандарынын менталитетине туура келбей тургандыгын жазган.

«Балдар чындыгында эле укмуш бийлешет, бирок айтылгандай, айды этек менен калкалай албайсың», — деп жазган саясий активист жана «Жаңы муун коалициясы» кыймылынын лидери Тимур Саралаев.

Оскар Исмаев аттуу колдонуучу Kazakтардын эркек экендиктеринен күмөн саноодо.

«Коомдун бузулушу мына ушундай көрүнүшкө ээ, бул нормалдуу эмес! Эркек эркектей болушу керек», — деп уланткан Исмаев.

Курбанжан Турдиев аялдын кийимин кийген эркектен «өткөн жаман нерсе ойлоп табуу кыйын экенин» жазган.

«Алардын кийимдери даана аялдардыкы, жөн гана качан акылы же таланты менен көрүнүктүү боло албаган соң кийим менен көрүнгүлөрү келишет», — деп жазган Турдиев

Шоуго барууну каалагандар

Шоуну жактоочулардын көбү баргылары келип жаткандыктарын негизинен бийчилердин сахнага популярдуу ырчы Мадонна менен бирге чыга тургандыктары менен түшүндүрүп жатышат.

Нурсулу Кариева Бишкекте «кызыксыз, көңүл ачуучу эч нерсе жок» болгондуктан Kazaky тобунун шоусуна билет сатып алмактыгын жазган.

«Мен ал шоуго бармакмын. Мусулманмын. [...] Гейлерге карата терс деле мамиледе эмесмин. Мен алардын жарашыксыз болушу мүмкүндүгү менен макулмун, бирок бизде опера-балетте деле жарашыксыз», — деп жазган ал.

Шоуну өткөрүүнү колдогондордун дагы бири, Диана Муратова, Kazaky тобунун «хореографиясы укмуштуудай сонун» экенин билдирүүдө.

«Баса, акыркы маалыматтар боюнча, катышуучулардын бир катарлары гетеросексуалдык мамилелерде. Мен жыргап барам, анткени алар укмуштуудай нерселерди жасашат. Азырынча мен светтик мамлекетте жашап атам))) Адамдардын билимсиздиги таң калтырууда)», — деп кошумчалаган ал.

Анастасия Завьялова аттуу колдонуучу азырынча топтун шоусуна бараар-барбасы боюнча акыркы чечим кабыл ала элек.

«А мага баары бир. Келсе келишет да. Барса барам, барбасам жок )) Алар шиш такалар менен баарынан укмуш бийлешет, аларга ичим күйүүдө», деп кошумчалады Завьялова.

Бишкектин Ginger тобунун солисти жана «Мир» телеканалынын журналисти Ксения Стрельцова Kazaky тобу артында бийлеп турушу керек болгон Мадонна артына бийлеп тура турган адамдарды ориентациясына гана карап тандабай тургандыгын жазган.

«The Kazaki» тобунун мүчөлөрүн гомосексуалисттер деп атоонун кереги жок. Бул жерде анын кандай тиешеси бар? Мадонна (ал кандай гана болбосун, бирок анын бийчилери эң мыкты) топту шоусуна ориентациясынан улам алат беле? Хореографиясына карагылачы, жамандоону токтоткула. Мындай көз караштар менен балдагы бийчилерге, балеттин артисттерине да каалаган нерселерди жабыштыра берүүгө болот», — деп кошумчалады Стрельцова.

Kazaky тобу Украинада негизделген. Профессионалдуу төрт бийчиден турган команда 2010-жылы «In The Middle» жана «Love» деген ырларына тартылган клиптери чыккандан кийин белгилүү болуп калган — видеодо Kazakтар кыналган кийимчен шиш така кийип алышып эпатаждуу бийлешет.

Топтун «Love» деген ырына тартылган эң популярдуу клиптеринин бирин YouTube сервисинде 4,5 миллиондон ашык киши көргөн.