Microsoft Windows 10 системасын коомчулукка тааныштырды

Microsoft компаниясы Windows операциялык системасынын жаңы версиясын коомчулукка тааныштырды.

Сан-Францискодогу бетачар иш-чарасында америкалык корпорация 2015-жылы ишке киргизилиши күтүлүп жаткан Windows 10 операциялык системасын көрсөттү.

Windows 10 персоналдуу компьютерлерде да, ошондой эле планшеттер менен телефондордо да иштейт. Компаниянын расмий билдирүүсүндө «бул гаджеттер иштей турган бирдиктүү колдонуу интерфейси эмес — биз бир долбоордун үй-бүлөсү тууралуу айтып жатабыз» деп жазылган. Операциялык системанын бардык версиялары үчүн колдонмолордун жалпы дүкөнү иштейт. Ошентип,  эгер башкы версиясы персоналдык компьютерде жасала турган болсо, иштеп чыгуучуларга сенсор экрандуу түзүлмөлөргө өзүнчө колдомо чыгарууга туура келбейт.

Ийгиликсиз Windows 8ден кийин Microsoft компаниясындагылар буга чейинки Windows 7 операциялык системанын колдонуучуларына түшүнүктүү болгудай интерфейс иштеп чыгуу чечимине келишкен.Tech-Preview_Start-menu

Анда «Пуск» баскычы бир катар өзгөрүүлөрү менен кайтып келген, эми ал өз ичине «жандуу плиткалар» менен колдонмого карата тез шилтемелерди камтыйт. Ошондой эле жыйынтыктарын Интернетте издей турган Windows издөө кызматы да жакшыртылган. Андан сырткары Windows 10до мультимилдеттүүлүгү өзгөрүп, ачык турган колдонмолордун ортосунда гана эмес, иш такталардын ортосунда да которулуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.

Microsoft компаниясынын өзү жаңы операциялык системасын «тарыхта бардыгын өз ичине камтыган» система деп атап, анда корпоративдик кардарларга чоң басым жасалгандыгын белгилеп жатат.

Эске салсак, учурда жеткиликтүү болгон Windows 8.1 версиясы өткөн жылдын октябрында ишке киргизилген. Ал дагы Windows 8 сыяктуу эле эби-сыны жок жана түшүнүксүз интерфейси үчүн катуу сындарга кабылган.