Видео: Кыргызстанда укмуштуу окуяларды кайдан издөө керек

Wild Frontiers деген британиялык туристтик компаниянын негиздөөчүсү, жазуучу Джонни Билби укмуштуудай окуяларды издегендер Кыргызстанда эмне менен алектенсе боло тургандыгы тууралуу кыска тасма жараткан.

Кыргызстан көптөгөн өлкөлөр менен болгон визасыз режими, туристтердин санынын аздыгы жана жөнгө салынган туристтик инфраструктурасы менен чет өлкөлүктөрдү өзүнө тартат, деп эсептейт британиялык туристтик компаниянын башчысы Джонни Билби.

Ал Кыргызстандын бардык кооздуктарына карабастан, өлкөнү башка туристтерден катылган берметке теңеген. Билбинин пикиринде, Кыргызстандагы идеалдуу укмуштуудай окуя төмөндөгүдөй көрүнүштө:

Тянь-Шань тоолорунда болуу

«Эгер тоолордун натуралдуу кооздугу тууралуу айтсак, анда аймакта Кыргызстанга атаандаш жок».

IMG_9304

Өзүн көчмөн катары сезүү

«Сиздер каттамдардын көбүндө жергиликтүү жашоочулардыкына токтоп, эс алып ала аласыз. Анда Назира үй-бүлөсү менен бирге сиздердин камыңыздарды көрүп жаткан маалда жөө же жергиликтүү тургундун аттарынын бири менен сейилдеп, салттуу боз үйлөрдүн биринде жашоого болот».

10825339284_3df078f8f8_b

«Жашыл» Бишкекте болуу

«Бак-дарактары көп Бишкек базарлары, эстеликтери жана XI кылымда курулган укмуштуудай Бурана мунарасынын музейи менен белгилүү».

bishkek-green

Ысык-Көл

«Өлкөнүн түндүгүндө бир нече күн көл жээгинде болуп, кызыктуу Каракол шаарына барып же тик учак менен учуп көрүү үчүн Каркыранын чокусундагы лагерге чейин барууга болот. Аны менен катар көлдүн түштүк жээгинде жашаган эң белгилүү бүркүтчүлөрдүн бириникинде конок болуп кетүүгө да болот».

issyk-kol

Соң-Көл

«3000 метр бийиктикте жайгашкан, 40 чакырым узундуктагы тоңгон көл — сейилдөөгө же жергиликтүүлөр менен таанышуу үчүн атчан жүрүү үчүн аябагандай кооз жер».

son-kol

Өлкөнүн түштүгү

«Эгер түштүгүрөөк барсаңыз легендардуу Фергана өрөөнүн кесип өтүп, өлкөнүн Тажикстан менен болгон чек арасына чейин бара аласыңар».

4477710436_9973f5cb22_o

«Ленин чокусундагы альпинисттик лагерде болуп кайтуу керек».

2111893735_aca38d3193_o

«Өрөөндөн бир аз төмөн түшүп, Улуу Жибек жолундагы укмуштуудай байыркы шаарга — Ошко кире кетиңиздер».

osh-city

«Бишкекке кайтып келе жатканда сөзсүз түрдө чыныгы кооздуктун аймагы болуп эсептелген Улуттук «Сары-Челек» коругуна кайрыла кеткиле».

sary-chelek2

Урматтуу окурмандар, Кыргызстанда таптакыр болуп көрбөгөн адамды дагы эмне менен таң калтырууга болот? Бул тизмеге дагы кайсыл кызыктуу жайларды же убакытты кызыктуу өткөрүүчү кандай нерселерди кошоор элеңиздер? Өз пикирлериңиздерди макаланын төмөн жагына калтырыңыздар.

Kloop.kgнин редактору Улугбек Акишевдин пикири боюнча Кыргызстандагы кооз жайлардын алдынкы үчөөсү:

Жети-Өгүз — «Жети өгүз аскасы». Белгилүү жүрөк формасындагы кызыл аскалары менен гана эмес, тоолор, көп кылымдык токойу жана укмуштуудай жаратылыш пейзажы менен өзүнө тартып турган Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги туристтик борбор.

5194827394_fff55191b3_o

Ак-Суу дарыясынын жээги — Караколдон 16 чакырым алыстыктагы кууш капчыгай.

13000365284_2ee6df06c8_k

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Жылуу-Суу» минералдык суулары.

1398388_657567887598201_1556862164_o