Бийлик коммуналдык тарифтерди көтөрүү жөнүндөгү токтомду жокко чыгарган чечим боюнча даттанат

Энергетика министрлигинин алдындагы профилдик департамент жылуулук, ысык суу жана электр энергиясына болгон тарифтер жөнүндөгү өкмөттүн токтомун жокко чыгарган Бишкек райондор аралык сотунун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанат. 

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент 29-сентябрь күнү кечинде билдирүү таратты. Анда мамдепартаменттин соттун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана тургандыгы жазылган.

«Жогоруда аталган соттун Жарандык процессуалдык кодекстин негизинде кабыл алынган чечими сот тарабынан акыркы формадагы чечим чыгарылгандан кийин 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Биринчи баскычтагы соттун бул чечими боюнча белгиленген тартиптин негизинде апелляциялык баскычка даттанылат», — деп жазган Отун-энергетикалык комплекси боюнча мамдирекция.

Соттун чечими күчүнө киргенге чейин электр энергиясына, жылуулук жана ысык сууга болгон баалар өкмөттүн орточо мөөнөттү тарифтик саясат жөнүндөгү жаңы токтомундагыдай боюнча калат.

29-сентябрда Бишкек райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга болгон тарифтер жөнүндөгү токтомун жокко чыгарган.

Судья маанилүү чечим чыгаруунун алдында өкмөт коомдук угууларды өткөргөн эмес деген юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун дооматтарына таянып, анын арызын канааттандырган.

«Сотто өкмөт кандайдыр бир коомдук угуулардын болгондугун эч кандай жол менен далилдей алган жок. Чыныгы коомдук угуулар болгон эмес. Анын баары формалдуу түрдө гана өткөрүлгөн» , — деген укук коргоочу Kloop.kgге берген маегинде.

Токтакуновдун өзү 29-сентябрда эгер бийлик соттун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана турган болсо, анда аны менен «адамдарды сыйлабай тургандыгын» көрсөтөөрүн билдирген.

«Эгер алар акылсыздык менен аракет кылышса, анда талашуусун улантышат. А эгер антпей, коомго, сотко карата сыйын көрсөтсө, анда коомдук талкуулар болот», — деген Токтакунов.

Буга чейин энергетика министрлигинин өкүлү Миргул Айдарова тескерисинче, өкмөт тарифтерди жогорулатуу тууралуу маалыматтарды жарыялап, угууларды өткөргөндүгүн билдирген болчу.

«Биз ал активисттердин талаптарын негизсиз деп эсептейбиз. Эгер ал эки жаран жаңылыктарга көз жүгүртүп турушпаса, аларга кантип жеткирүү керектигин мен билбейм», — деп билдирген «Взгляд» порталына берген маегинде Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Миргүл Айдарова.

Жылуулук берүү жана ысык сууга болгон жаңы тарифтер үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирген.

Аларга ылайык, жылуулук жана ысык сууга болгон баалар абоненттердин колдонгондугуна жараша 27-117 пайызга көтөрүлөт, а электр энергиясына болгон тарифтер 2017-жылга чейин акырындап 70 тыйындан 1,2 сомго чейин кымбаттайт.