Видео: Бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу немис таланттар шоусунун финалына өтүштү

Кыргызстандын белгилүү бийчиси Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу немистердин Das Supertalent 2014 телесынагынын калыстарын таң калтырып, финалдык бөлүккө өтүштү.

Өмүрзаков менен «Тумар» робо-стилдеги өзүлөрүнүн фирмалык брейк-данс бийин аткаршып, толук курамы менен кыргызстандыктар дароо эле финалга өтсүн деп добуш берген Das Supertalent сынагынын калыстарын таң калтырышты.

Өмүрзаковдун айтымында, калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири аларга дароо эле сынактын башкы байгеси болгон 100 миң еврону берүүнү сунуштаган.

«Калыстардын төртөөсү тең сынактын калган бөлүктөрүнө катышпай эле дароо финалга өтүшсүн деген чечимге келишти. Биздин катышуубуз тартылган видеону жарыяланган алгачкы саатта эле 100 миңге жакын киши көргөн жана бардыгы жактырган пикирлерин калтырышкан. Немис аудиториясынын көбү бизди долбоордун жеңүүчүсү болууга татыктуу деп эсептешет», — деп жазган Өмүрзаков өзүнүн «Фэйсбук» түйүнүндөгү баракчасына.

Сынактын финалы декабрь айында Германиянын Кёльн шаарында өтөт.