Сот жылуулук жана электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуу токтомун жокко чыгарды

Бишкек райондор аралык соту юрист Нурбек Токтакуновдун доо арызын канаттандырып, өкмөт тарифтерди көтөрүү боюнча токтом кабыл алуунун алдында коомдук угууларды өткөргөн эмес деген чечим чыгарды.

Юрист Нурбек Токтакунов сотто өкмөт жылуулук берүүгө, ысык сууга жана электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүүдө коомдук угууларды өткөрбөгөндүгүн далилдей алды.

«Сотто өкмөт кандайдыр бир коомдук угуулардын болгондугун эч кандай жол менен далилдей алган жок. Чыныгы коомдук угуулар болгон эмес. Анын баары формалдуу түрдө гана өткөрүлгөн» , — деди укук коргоочу Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, эгер өкмөт соттун чечими боюнча талашуусун уланта турган болсо, анда аны менен ал «адамдарды сыйлабай тургандыгын» көрсөтөт.

«Эгер алар акылсыздык менен аракет кылышса, анда талашуусун улантышат. А эгер антпей, коомго, сотко карата сыйын көрсөтсө, анда коомдук талкуулар болот», — деди Токтакунов.

Азырынча өкмөт соттун чечимине карата эч кандай мамилесин билдире элек. Буга чейин энергетика министрлигинин өкүлү Миргул Айдарова тескерисинче, өкмөт тарифтерди жогорулатуу тууралуу маалыматтарды жарыялап, угууларды өткөргөндүгүн билдирген болчу.

«Биз ал активисттердин талаптарын негизсиз деп эсептейбиз. Эгер ал эки жаран жаңылыктарга көз жүгүртүп турушпаса, аларга кантип жеткирүү керектигин мен билбейм», — деп билдирген «Взгляд» порталына берген маегинде Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Миргүл Айдарова.

Жылуулук берүү жана ысык сууга болгон жаңы тарифтер үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирген.

Аларга ылайык, жылуулук жана ысык сууга болгон баалар абоненттердин колдонгондугуна жараша 27-117 пайызга көтөрүлөт, а электр энергиясына болгон тарифтер 2017-жылга чейин акырындап 70 тыйындан 1,2 сомго чейин кымбаттайт.