Башкы прокуратура «дипломунун жасалма экендигине» байланыштуу депутатка кылмыш ишин козгоду

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековго каршы жогорку билими жөнүндөгү дипломунун жасалма экендигине байланыштуу кылмыш иши козголду. Парламентарийдин өзү дипломду сатып албагандыгын билдирүүдө.

Кылмыш иши башкы прокурор Аида Салянова тарабынан «алдамчылык» жана «жасалма, жалган документтерди пайдалануу» беренелеринин негизинде козголгон — бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 24-сентябрда маалымат тараткан.

Төрөбеков 2013-жылы жогорку билими тууралуу жалган дипломдун көчүрмөсүн берип, анын негизинде мамлекеттик кызматтын үчүнчү даражасындагы мамлекеттик кеңешчи чинине ээ болгон деп шектелүүдө.

Башкы прокуратура ал дипломдун Төрөбековго берилбегендигин жана каттоо китепчесинде ал дипломдун жок экендигин билдирүүдө.

«Ошол эле катталуу номуру менен, бирок башка күнү жана башка серия менен диплом башка адамга берилген. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбеков жалган дипломду пайдаланып, тиешелүү укуктарга ээ болгон», — деп билдирди башкы көзөмөлдөө органы.

Төрөбаевдин өзү болсо кылмыш ишинин козголушун жыңылыштык деп эсептеп, мындай айыптоо аны таң калтыргандыгын билдирүүдө.

«Бул тууралуу мага бир ай мурун эле белгилүү болгон. Мен: «Эч кандай көйгөй жок, барып текшергиле» дегем. Анда мен буга анча деле көңүл бурбай, мындай кесепеттери болоорун ойлогон эмесмин. Мен бардык нормалдуу адамдардай эле өзүм окуп, өзүм диплом алгам», — деди ал.

Депутат идеалдуу студент болбогондугун мойнуна алууда, бирок дипломду сатып албагандыгын билдирүүдө — анын айтымында, бул кимдир бирөөнүн шалакылыгынан улам болгон болушу мүмкүн.

«Анда менин өзүмө белгилүү эмес учурлар көп болуп чыкты. Мен андагы документтер менен эмне болуп жаткандыгын билген эмесмин. Азырынча мен эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Учурда менин документтеримдин бардыгы тең 5-курска чейин бар экендиги, а бешинчи курстан кийин кемчиликтер болгондугу такталууда», — деди Төрөбеков.

Анын айтымында, эгер жагдай анын пайдасына чечиле турган болсо сотко кайрылбайт.