Видео: Швейцариялык флейтачы Бишкек филармониясында ойноду

Швейцариянын белгилүү флейтачысы Янек Россе Бишкектеги улуттук филармониянын сахнасында ойноду. Ал Кыргызстандын филармониялык камералык оркестринин коштоосунда флейтада жеке солосун барокко стилинде сунуштады.

Россе журналисттерге кыргыз оркестри менен иштөө жеңил болгондугун айтты.

«Мен Кыргызстанга чакыруу менен келдим. Швейцарияда көп даярдандым. Бул жакка келээрим менен да дароо эле даярданып баштадык. Даярдануу мага чоң ыракат тартуулады, баары жөнөкөй болду, атмосфера сонун болду», — деди ал.

Маэстро флейтада немис композитору Франц Бенд, Эмануэль Бах жана Антонио Вивальдинин оркестри менен концерт аткарды.

Анын айтымында, барокко стилиндеги музыканын өзгөчөлүгү анда таптакыр башкача артикуляциянын болгондугунда — аны атайылап угармандарда түрдүү эмоциялык маанайлардын жаралышы үчүн аткарышат.

«Эч кандай деле ойлор болгон жок. Тескерисинче, алсыздануу, тынчуу жана кандайдыр бир элдешүүдөй сезимдер болду. Музыка мышык таманы менен назик тийип жаткандагыдай таасир калтырды», — деди Бишкектин жашоочусу Светлана.

Концертке кыргызстандыктардан сырткары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да коноктор келишкен.

«Мен чынында эле концерттен ырахат алдым. Ал музыкадан мен бирде алсызданууну сезсем, бирде толкунданууну сездим», — дейт Жаңы Зеландиядан келген Энн.

Янек Россенин бул концертин анын «музыкалык пенсияга чыгуусу» деп аташты» — үстүбүздөгү жылы ал Цюрих симфониялык оркестриндеги концерти менен музыкалык ишмердүүлүгүн аяктаган.

Россенин өзү флейтага болгон сүйүү 9 жашында эле пайда болгондуктан эч качан жүрөгүнөн кетпей тургандыгын айтты.

«Флейтага болгон сүйүү менде алгачкы жолу укканда эле пайда болгон» , — деп жыйынтыктады ал.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Кубан Макешов