Видео: Бишкектин борборундагы жол кырсыгы, каза болгондор жок

21-сентябрь күнү Бишкектин борборунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа маршруттук таксиге барып сүзүлүп, көңтөрүлүп барып жол жээгиндеги тосмону бузуп токтогон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсыктан эч ким каза болгон эмес. Күбөлөрдүн айтымдарында, «Мерседестин» жүргүнчүсү жаракат алган.

Маршруттук такси менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын катышуусундагы жол кырсыгы 21-сентябрь күнү эртең менен эрте Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Күбөлөрдүн айтымдарында, «Мерседес» Манас проспектиси менен төмөн бара жатып, жол чырак сары күйүп турганда өтүп барып Токтогул көчөсү менен бара жаткан маршруттук таксиге сүзүлгөн.

Кагылышуудан кийин «Мерседес» бир нече жолу көңтөрүлүп барып, жол жээгиндеги тосмону бузган. Кырсык болгон маалда маршруттук таксинин ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү жеткиликсиз болуп жатышат.