Видео: Бишкектен алыс эмес жерде «Мицубиси Паджеро» уйду сүзүп кетти

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай 18-сентябрь күнү унаа кырсыгына күбө болгон — анда «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаа түн ичинде жолдон өтүп бара жаткан уйлардын бирин сүзүп алган.

Көңүл буруңуздар, видеодо үрөй учурчу кадрлар бар. Эгер аны сизге зыян келтириши мүмкүн деп эсептесеңиз көрбөңүз, балдарга да көрсөтпөңүздөр.

Окуя 18-сентябрь күнү Бишкек шаары менен «Кордай» чек ара бекетинин ортосундагы унаа жолдо болгон. «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бара жаткан уйлардын бирин сүзүп алган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, адамдардын эч кимиси жаракат алышкан эмес, уй болсо дароо өлүп калган. Анын ээлери кырсыктан кийин уйду дароо союп башташкан.