Видео: Велосипед менен Кыргызстандын бийик тоолору аркылуу 600 чакырым жүрүү

«Орбеа» спорттук бренди Кыргызстанда велосипедчилердин арасында мелдеш уюштурду — компания аларга кыргыздын бийик тоолору аркылуу 600 чакырым жол жүрүп, көчмөндөрдүн каада-салттары менен таанышууну сунуштаган.

Silk Route Bike Challenge Kyrgyzstan мелдеши 2014-жылдын августунда өткөн. Велосипедчилерге Улуу жибек жолунун Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн бөлүгү боюнча жүрүү сунушталган.

Катышуучулар Нарындын бийик тоолору аркылуу жүрүшүп, Соң-Көлдү айланышкан.

Уюштуруучулардын билдирүүлөрү боюнча, мелдеш маалында спортчулар кыргыз көчмөндөрүнүн маданияты тууралуу көп маалымат алышып, улуттук тамактардан даам татып, жер шарындагы адам тийбеген жерлерде болушкан.

«Кооз өлкө, жакшы саякат, ак көңүл мыкты адамдар, анан дагы маданияты, анткени мен ал жакта такыр болгон эмесмин. Ошондуктан анда жок дегенде бир жолу болуп кайтуу керек», — деп катышуучулардын бири Кыргызстан тууралуу таасирлерин бөлүшүүдө.