Видео: Бишкектин «Фаиза-2» кафесиндеги өрт

Бишкектин Медеров көчөсүндөгү «Фаиза-2» кафесинде өрт чыкты. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт электр жылыткычтарын туура эмес пайдалануудан улам чыккан.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын билдирүүсү боюнча, өрт кафе кызматкерлеринин электр жылыткычтарын туура эмес пайдалангандыктарынан улам келип чыккан.

Видео: bulbul.kg порталынын Meduzya аттуу колдонуучусу:

Учурда Kloop.kgнин кабарчысы окуя болгон жерде жүрөт жана өрттү өчүрүп бүткөндүктөрүн билдирүүдө.

«Фаиза-2» кафеси Бишкектеги коомдук тамактануу жайларынын эң популярдууларынын бири болуп эсептелет.