Бензин кыймылдаткычтуу унааларды жол жүрүү каражаттарынын кайсыл түрүнө алмаштырууга болот

Акыркы алты айдын ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 20 пайызга кымбаттаган. Kloop.kgнин редакциясы бензин кыймылдаткычтуу унааларга альтернатива болчу жол жүрүү каражаттарынын ылайыктуураак түрлөрүн топтоду.

Казакстан Кыргызстанга келе жаткан 900 вагон күйүүчү-майлоочу майды өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатат.

Орусиянын мамлекеттик мунай-газ корпорациялары Евробиримдик менен АКШнын санкцияларына кабылышты.

Дүйнөлүк саясий жана экономикалык процесстердин Орусияга, Казактанга жана Кыргызстанга тийип жаткан таасиринен улам 2014-жылдын январынан тарта сом долларга карата кыйла эле арзандап барат.

Албетте, бул окуялардын бардыгы тең күйүүчү-майлоочу майларга, алардын ичинде негизинен бензин, дизель отуну жана соляркага болгон бааларга таасирин тийгизбей койбойт  — эгер Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмесинин мурунку башчысы Жумакадыр Акенеевдин айткандарына ишенсек, акыркы жарым жылдын ичинде отундун бул түрлөрү 20 пайызга кымбаттаган.

Күйүүчү майга болгон азыркы баалар:

Skrinshot-16.09.2014-104939

Kloop.kgнин редакциясы кыргыз айдоочуларынын чөнтөгүнө чак, ичинен күймө кыймылдаткычтарга альтернатива болчу жол жүрүү каражаттарын топтоду.

Эскертүү: Эгер сиздер инфраструктуранын жоктугунан улам материалда көрсөтүлгөндөрдүн көпчүлүгү өлкөбүздө пайда болбошу мүмкүн деп эсептесеңиздер — биз сиздердин жаңылып калышыңыздар мүмкүндүгүн жокко чыгарбайбыз, анткени суроо-талап сунушту пайда кылат эмеспи.

Газмоторлуу отун

Сүрөт: Mike Mozart, Flickr
Сүрөт: Mike Mozart, Flickr

Газмоторлуу кыймылдаткычтар отун катары жаратылыш газын пайдаланышат.

Жаратылыш газын пайдалануу үчүн өзгөчө кыймылдаткычтарды иштеп чыгуу же атайын нөлдөн баштап түзүүнүн зарылдыгы жок —болгону ичинен күймө кыймылдаткычты отундун ушул түрүнө ылайыктап жасап коюуу гана жетиштүү болот.

Газмотор отунунун эки түрү бар: пропан (суюктукка айлантылган мунай газы) жана метан (жаратылыш газы). Союз маалында пропан (негизинен газификацияланган жүк унаалары менен автобустарда) пайдаланылчу. Азыркы күндө метан пайдалануу жакшы деп эсептелет.

Мындай кыймылдаткычтуу унаалар Кыргызстанда бир нече жыл мурун пайда болуп баштаган. Ошол эле маалда алар үчүн газ куюу жайлары да ачыла баштаган.

Көп сандаган газ куюучу жайларды куруу Кыргызстанга жалгыз газ жеткирүүчү болуп эсептелген «Газпромдон» көптөгөн каржылык чыгымдарды талап кылат.

Бирок эгер бийликтегилерге ишене турган болсок жакынкы аралыкта газ бир аз арзандайт жана унаа ээлерине бензин же дизель отунун пайдаланууга караганда жаратылыш газын пайдалануу пайдалуураак болуп калат.

Гибриддик автоунаалар

Сүрөт: Carlos Perez, Flickr
Сүрөт: Carlos Perez, Flickr

Кымылдаткычынын иштеши үчүн гибриддик унаа отундун жалгыз гана түрүн пайдаланбайт.

Өндүрүүчүлөрдүн гибриддик кыймылдаткычтуу унааларды чыгарып баштагандыктарына анча деле көп болгон жок, бирок акыркы он жылдын ичинде жол жүрүү каражатынын бул түрү айдоочулардын арасында өтө популярдуу болуп калды. Бул тууралуу акыркы он жылда сатылган унаалардын саны өзү эле айтып турат — 1 млн.

Негизинен гибриддик унаалар электр кыймылдаткычтар менен ичинен күймө кыймылдаткычтарды айкалыштырып пайдалануу принцибинде иштей турган кыймылдаткычтар менен чыгарылат.

Эреже катары гибриддик унааларда кадимки эле бензин мотору орнотулган, бирок алардын кубаттуулуктары менен көлөмдөрү азыраак. Негизинен алар 65-80 аттын күчүн камтыган 3-цилиндрдүү моторлор, алар ишинин натыйжалуураак болушу үчүн техникалык жаңы нерселер менен жабдылган.

А электр кыймылдаткычы транспорт каражатын ордунан жылдырууда энергиянын оптималдуу чыгымдалышы үчүн орнотулган.

Бүгүнкү күндө өндүрүлүп жаткан гибриддик автоунаалардын толук тизмесин шилтеме боюнча көрсөңүздөр болот.

Электр унаалар196_na_azs_poyavitsya_rozetka

Бензин менен дизелге альтернативанын бул түрү дээрлик жөнөкөй унаа ээлеринин арасындагыдай эле популярдуулукка ээ, бирок азырынча бул тенденция АКШ, Жапония жана Батыш Европа өлкөлөрүндө байкалууда.

Электр унааларды пайдалануунун тарапташтарынын башкы аргументи: атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган транспорттун гиперэкологиялуулугу.

Бирок бул факт дагы ашыра айтылган, анткени зыяндуу заттар электр унаалар менен аларга батареяларды өндүрүп чыгарууда бөлүнүп чыгарылат.

Электр унааларды кубаттандыруу боюнча станциялардын саны тездик менен өсүүдө — статистика акыркы үч жылдын ичинде мындай станциялардын саны АКШда эле беш эсеге өскөндүгүн айтууда.

Бирок кыргызстандыктардын массалык түрдө ичинен күймө кыймылдаткычтуу унаалардан электр унааларга өтүүсүнө алардын баалары жана тыкан, суукка чыдамдуу аккумуляторлорунун жоктугу башкы тоскоолдуктардан болот.

Биоотун

Сүрөт: Tom Walter, Flickr
Сүрөт: Tom Walter, Flickr

Биоотун — айыл чарба өсүмдүктөрү: жүгөрү, кант камышы, кант кызылчасы, буудай жана пальма майынан өндүрүп чыгарылган майлардын негизиндеги күйүүчү майды элестетет.

Дизель менен иштеген ичинен күймө кыймылдаткычтуу унаанынын дээрлик бардыгын тең биоотун менен иштегидей кылып модернизациялап жасоого болот. Болгондо да аны таза түрүндө, ошондой эле дизель отуну менен аралаштырып пайдаланса да болот. Экинчи варианттагыдай кылганда кыймылдаткычты модернизациялоонун кажети да жок болот.

Бирок Кыргызстандагы айыл чарбасынын абалын эске алсак, унаа ээлери үчүн отундун бул түрү эң жакшы чечимдерден болбойт.

Автоунаалардан таптакыр баш тарткысы келгендер үчүн варианттар:

Коомдук транспортtrollejbus1

Эгер сиз автонуудан толугу менен баш тартуу чечимине келсеңиз анда автобус, троллейбус жана эң акыркы чара катарында маршруттук такси — бул эң башкы альтернативалар. Бирок Кыргызстандагы үч коомдук транспорттун экөөсү — ичинен күймө кыймылдаткычтын жардамы менен иштейт, андыктан бул деле анчалык оптималдуу чечим эмес.

Велосипедveloprobeg

Бишкекте велосипеддердин популярдуулугу артууда, бирок жол жүрүүнүн бул каражатынын сүйүүчүлөрү үчүн азырынча борбордо инфраструктура жок. Автоунаалардан башка каражаттарга өтүүдө дал ушул учур башкы тоскоолдук болуп калат.

Жалпысынан бул эң оптималдуу тандоо: автоунааларга караганда анчалык кымбат эмес, тыкан жол жүрүү каражаты жана спорт менен машыгуу.

Жөө басуу

Жол жүрүүнүн эң аз чыгымдуу жолу, бирок эң узагы.