Талиева маданият министри кызматынан бошотулду

Камила Талиева, мурунку маданият министри

Маданият министри Камила Талиева ээлеген кызматынан бошотулду, деп билдирди Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы. Буга чейин министрлер кабинетинде орун алмаштыруулардын боло тургандыгы жөнүндө кеп тараган. 

Талиева кызматынан 16-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бошотулду.

«Талиева Камила Абдыразаковна Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөсүнүн кызматынан отставкага кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.

Парламенттеги «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде фракциядагы кесиптештери көпчүлүк добуш менен Талиеванын маданият министр кызматынан кетиши үчүн добуш бергендиктерин айтты.

«Мени сотторду тандоо маселеси боюнча жыйынга чакырышкан, качан мен добуш берип баштаганымда күтүүсүздөн экинчи бюллетенди беришти. Мен фракция лидеринен бул эмне болгон бюллетень экенин сурадым. Мага маданият министри ордунда калышы керекпи же жокпу деген маселени чечүү керектигин айтышты», — деди ал.

«Мен эч нерсеге карабастан анын ишин жактырып, калсын деп ачык добуш бердим. Бирок, тилекке каршы, маданият министринин тарапташтарына караганда каршылаштары көп болуп чыкты. Анан фракция мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен ал кызматтан кетиши керек деп чечишти», — деп улантты Бакир уулу.

Талиеванын министрлик кызматтан кетиши кыргыз маалымат каражаттарында пайда болгон өкмөт мүчөлөрүнүн алмаштырыла тургандыгы жөнүндөгү билдирүүлөрдүн фонунда болду.

16-сентябрда 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме жасоо менен парламенттик көпчүлүк коалициясы маданият министри Камила Талиеваны, ИИМ башчысы Абдылда Суранчиевди жана эмгек министри Алиясбек Алымкуловду кызматтарынан кетирүүнү пландап жаткандыгын жазган.

Агенттиктин булагы фракциялар ал министрлердин кызмат ордуларына татыктуулугу жөнүндөгү маселени карай тургандыгын белгилеген.

Андан сырткары бүгүн, 16-сентябрда ИИМдин башчысы Абдылда Суранчиев да кызматынан кеткен.