Сүрөт: Күн батареялары менен жылытылган Ысык-Көл облусундагы айылдык мектеп

Ак-Кочкор айылындагы мектепте электр энергиясы күн батареяларынын жардамы менен өндүрүлөт — бул имаратын ушундай жол менен жылыткан Ысык-Көл облусундагы алгачкы окуу имараты.

Бул күн батареяларынын жардамы менен мектепте суу ысып, үч бөлмө — ашкана жана башталгыч класстын окуучулары билим алган эки бөлмө жылыйт.DSC_5224-001Эгер кыштын бүркөк күндөрү күн батареялары толук бойдон иштебей турган болсо жылуулук берүү автоматтык түрдө электр жылытууга которулат.IMG_1638Күн батареяларын алууга Эл аралык кызматташуу боюнча герман коомчулугу (GIZ) тарабынан бөлүнгөн 2,2 млн. сом жумшалган. Электр батареялар жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулган.IMG_1643Буга чейин мектептин ордунда дүкөн жайгашкан, ал билим берүү процесси үчүн ылайыкташтырылып, кайрадан оңдолгон — терезелери жылууланып, полдору жаңы салынып, күн чогулткучтар орнотулуп, таза ысык сууга жетүү үчүн түктүктөр өткөрүлгөн.DSC_5222«Негизинен күн батареяларын пайдалана турган имараттар чыгыштан батышты көздөй курулат, а бул мектеп мурунку дүкөндүн имаратында болгондуктан ал түндүктөн түштүктү көздөй болуп жайгашкан, ошондуктан батареялардын толук санын орнотууга мүмкүн болгон жок», — деп түшүндүрдү GIZ уюмунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Акжибек Бейшебаева.