Нарын: Электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашына каршылыгын билдиргендер кармалышты

Нарында электр энергиясына тарифтердин жогорулашына каршы акциянын катышуучулары кармалышты. Милиция алардын кармалышын «митинг өткөрүүгө уруксат алынбагандыктары» менен түшүндүрдү.

Милиция 16-сентябрь күнү электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашына каршы Нарындагы митингди кууп таратты.

Акциянын уюштуруучусу Эркин Асаналиевдин айтымында, үч фазалуу электр камсыздоо системасын пайдаланган бийик тоолуу аймактарда жашаган абоненттер үчүн электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн жогорулатылышына каршы плакаттарды кармаган бир нече ондогон адамдар Нарын шаарындагы аянтка чыгышкан.

«[...] аянтка келген милиция кызматкерлери плакаттарыбызды айрып, төрт кишини кармап кетишти, административдик мыйзам бузуу тууралуу протокол түзүү үчүн Нарын ИИБсине алып барышты. Бирок биздин аракеттерибиз мыйзамдын чегинде болгон», — деп жазган 24.kg. агенттиги Асаналиевдин айткандарын.

Ал митингдин катышуучулары акция өткөрө тургандыктары жөнүндө жергиликтүү бийликке кабарлашып, милициядан тартипти сактап берүүлөрүн өтүнүшкөндүгүн айтты.

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева Kloop.kgге берген маегинде үч-төрт кишинин кармалгандыгын билдирди.

«Митинг өткөрүүгө уруксат алынган эмес, катышуучулар мэрияга өз убагында кайрылышкан эмес. Азыр алар иштин жагдайын аныктоо үчүн кармалышты», — деди Султаналиева.

Анын айтымында, милиция катышуучулардын плакаттарын айрыган эмес жана демонстранттарга карата эч кандай мыйзамга каршы аракет кылышкан эмес.

«Милиция мыйзамдын чегинде аракеттенген», — деди ал.

Укук коргоо органдары электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө нааразы болгондорду биринчи жолу кармабай эле — июлдун башында ушуга окшогон Бишкектеги акция да анын катышуучуларынын кармалышы менен аяктаган.

Тема боюнча видео: Тарифтердин жогорулашына каршы Бишкекте өткөн акциянын катышуучуларынын кармалышы

Электр энергиясына болгон тарифтер 1-сентябрдан тарта үч фазалуу электр камсыздоо системасы бар абоненттер үчүн 1,2 сомго чейин жогорулатылган — буга чейин алар 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 70 тыйындан төлөп келишкен.

18-августта энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев эгер жеке сектордун жашоочулары үйлөрүн жылытуу үчүн пайдаланган үч фазалуу электр камсыздоо системалары өчүрүлсө, 2014-1015-жылдын күз-кыш мезгилинде электр энергиясы көйгөйүн болтурбай коюууга болот деп убада берген.

Министрдин айтымында, үч фазалуу электр камсыздоо системалуу абоненттер жалпы электр энергиясынын дээрлик жарымын пайдаланышат.

Жалпысынан андай абоненттердин саны Кыргызстан боюнча 123 миңге чукул. Бирок «үч фазалуу» абоненттердин канчасы электр энергиясын жылуулук үчүн пайдаланаары белгисиз бойдон калууда.