ИИМ башчысы Суранчиев отставкага кетти, анын ордун Бишкек ШИИБсинин башчысы ээледи

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу маалында отставкага кетүү тууралуу арызын тапшырды. Анын ордуна убактылуу Бишкек ШИИБсинин башчысы келди. Буга чейин министрлер кабинетинде орун алмаштыруулардын боло тургандыгы жөнүндө айтылган

Суранчиев отставкага кетүү тууралуу арызын 16-сентябрда, президент Атамбаев менен болгон жолугушуусу маалында берди — өлкө башчысы ички иштер министрлигинин башчысынын отставкасын кабыл алды.

«Алмазбек Атамбаев Абдылда Суранчиевди ички иштер министр катары Кыргызстанда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин сактоо боюнча  жумшаган күч-аракети жана аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.

Суранчиевдин отставкага кетишинин себептери айтылбай эле.

Убактылуу ИИМдин башчысынын милдетин учурдагы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев аткарат.

«Кыргыз Республикасынын премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Турганбаев Мелис Токтомамбетович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде Суранчиевдин отставкага кеткендигин ырастады, бирок анын себептери боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Биздин басма сөз кызматтын башчысы кийинчерээк түшүндүрмө берет», — деди ал.

Суранчиев ИИМ башчысы кызматынан маалымат каражаттарындагы министрлер кабинетинде орун алмаштыруулардын боло тургандыгы жөнүндөгү билдирүүлөрдүн фонунда кеткендиги белгилүү.

16-сентябрда 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме жасоо менен парламенттик көпчүлүк коалициясы маданият министри Камила Талиеваны, ИИМ башчысы Абдылда Суранчиевди жана эмгек министри Алиясбек Алымкуловду кызматтарынан кетирүүнү пландап жаткандыгын жазган.

Агенттиктин булагы фракциялар жогорудагы министрлерди ээлеген кызматтарына татыктуу экендиги жөнүндөгү маселени карап жаткандыктарын белгилеген.

Суранчиев 2013-жылдын февралынын соңунда, ИИМдин мурунку башчысы Шамил Атаханов мекеме ичиндеги жаңжалдардын фонунда отставкага кеткенден кийин министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Урматтуу окурмандар, Суранчиев ИИМ башчысы болуп тургандагы милициянын ишин кандай баалайсыздар? Өз пикирлериңиздер менен жоопторуңуздарды жазып калтырыңыздар.