Кыргызстандык кыз кантип АКШнын провинциалык шаарчасында үй кызматчысы болуп иштеген

Кыргызстандык студент кыз Арина Рэйндин (каймана аты) жашоосундагы алгачкы жумушу АКШнын провинциалык шаарчасындагы мейманканада болгон. Үй кызматчысы болуп иштеген бир нече айдын ичинде килемге жабышкан сагызды чыгарып, сыранын бош идиштерин чогултуп, куулук кылууга да үйрөнүүгө туура келген.

Баяндоо Рэйндин атынан жүрөт:

Менин жолум болуп, Түштүк Дакотадагы америкалык Дэдвуд деген кичинекей шаарда жашап келдим — анын аталышын «өлүп жок болгон токой» деп которууга болот. Шаарда көп болсо 2000 киши жашайт, анын жаратылышы, байкерлери жана шоколаддары менен атагы чыккан.

Дэдвуддун башкы көчөсүндөгү 1876-жылы курулган имарат.
Дэдвуддун башкы көчөсүндөгү 1876-жылы курулган имарат.

Келишим боюнча, жумуш берүүчү мени аптасына 50 доллар төлөшүм керек болгон турак жай менен камсыз кылышы керек болчу, бирок чындыгында башкача болуп чыкты — мага 75 доллардан төлөөгө туура келди. Көрсө, келишимге өзгөртүүлөр киргизилиптир, а мага айтып коюуга жетишпей калышыптыр.

Эгер мен алардын шарттары менен макул болсом терезеси жок, муздак жер төлөдө, мен таптакыр ишеним артпаган Түштүк Африка менен Ямайкадан келген толтура студенттер менен жашамакмын. Өз агенттигиме ачууланып кат жазып, анча көп эмес убакыт турак жай издегенден кийин мен айына 200 доллар төлөп, бардык шарттары бар жакынкы мейманканага жайланыштым.

Өзүнүн провинциалдуулугуна карабастан Дэдвуд туристтерге толгон жана Орто Батыштагы курорттук борборлордун бири болуп эсептелет, ошондуктан анда мейманканалар көп. Мен үй кызматчысы болуп иштеген мейманкана Comfort Inn деп аталчу.

Келишим боюнча жумушумдун шарты төмөндөгүдөй болчу:

  • саатына 8 доллар;
  • аптасына 6 жумушчу күн жана 1 эс алуу күнү;
  • жыйноого күнүнө 17 бөлмө;
  • күнүнө 7 жумуштук саат (орточо эсеп менен).
Дэдвуддагы Comfort Inn мейманканасы, Түштүк Дакота, АКШ.
Дэдвуддагы Comfort Inn мейманканасы, Түштүк Дакота, АКШ.

Жумушчу күндөрү эртең менен кызматчылар администратордун алдынан каттоодон өтүшүп, жыйноо керек болгон бөлмөлөрдүн тизмелерин алышат. Тизме эки типтеги бөлмөлөрдөн турат — Checkout (кете турган жашоочулар) жана Stayover (мейманканада кала турган жашоочулар).

Ар бир үй кызматкеринде жуугуч каражаттар, шейшептер жана бөлмөлөрдү тартипке келтирүүчү жабдуулар үчүн текчелер жасалган кичинекей арабалар бар.

Алгачкы беш күндө бөлмөлөрдү жыйноонун кезектүүлүгү, кайсыл жерде кайсыл каражатты пайдалануу керектиги, шейшептерди кантип туура салып, ваннаны жууп тазалоонун жолдору боюнча тренингдер өтөт. Чынын айтканда мен алардын бардыгын тең эсимде сактап кала алган жокмун, ошондуктан мага алгачкы күндөрү 4 жылдан бери кызматчы болуп иштеп келе жаткан америкалык бир кыз жардам берип жүрдү.

Бөлмөлөр тууралуу айтсам, мен аларды үч категорияга бөлмөкмүн:

Кир бөлмөлөр

Андай бөлмөлөрдүн жашоочулары — балдары жана үй жаныбарлары көп чоң үй-бүлөлөр. Алардын бөлмөлөрү сөзсүз чачык болот, полго чипсылар төгүлүп, таштанды салчу идиштер «Кока-Коланын» бош бөтөлкөлөрүнө толуп, шейшептерде төгүлгөн суусундуктардын тактары калып калат.

Менде кичинекей бала килемге жашыл сагыз чаптап, апасы ошол эле килемге кызыл түстөгү тырмак боек төгүп алган учур болгон. Ал бөлмөнү тазалоого мен бир жарым саат убактымды коротком! Андай кир бөлмөлөрдү тазалоо «көңүлдүү» болчу.

Анча кир эмес бөлмөлөр

Көбүнчө мындай бөлмөлөрдү жаш жубайлар, улгайган адамдар жана байкерлер калтырышат. Анда ваннаны тазалап, шейшеп алмаштыруудан башка эч кандай деле жумуш кылууга туура келбейт.

Таза бөлмөлөр

Мага мындай бөлмөлөр туш келгенде сүйүнүчүмө чек жок болоор эле. Ал бөлмөлөрдүн таза экендиги аз болгонсуп, анда жашаган адамдар биринчи топтогу бөлмө ээлерине караганда чай ичип кой деп акча да таштап кетишчү.

Алгач мага үй кызматчысы болуп иштөө жагып жаткан, бардыгын тренингдерде көрсөткөндөй аткарып жаттым. Таза бөлмөлөр мага жакчу, анткени шейшептерди алмаштыруунун ордуна керебетке төшөк салып коюу менин 20 мүнөтүмдү үнөмдөөчү. А эгер эшиктин кармагычында «Don’t Disturb» (тынчымды албагыла) деген жазуу бар болсо жумушчу күнүм дагы жарым саатка кыскарчу.

Жалгыз кемчилигим бөлмөлөрдүн бардыгын күндүзгү саат үчкө чейин тазалап, жыйноого жетишпей калып жатканым болду. Мындан улам мен күн сайын администратордон эскертүү алып турдум. Бир нече жолу эскертүү алгандан кийин бөлмөлөрдү жыйноонун башкача стратегиясын тандап алууну чечтим.

Таза көрүнсө эле болду

Стратегиям төмөндөгүчө болду — куулук кылып бөлмөлөрдү болушунча тазараак көрсөтүү. Мен килемди чаң соргуч менен тазалагандын ордуна чоң-чоң таштандыларды гана алып коюу жетиштүү экенин түшүндүм. Отургучтардын буттарын сүртпөй калдым, а ваннаны ысык суу менен жуугандын ордуна атайын каражат чачып, жөн гана сүртүп тазалап коюууга өттүм.

Эң башкысы администратор менин кайдыгерлигимди таптакыр байкабай жатты. Бирок кандай чарчасаң да шейшептерди алмаштыруу жана ажаткананы тазалоо иштерин таптакыр калтырбоо керек болчу.

Чай ичип кой деп берилген акчалардан башка кызматчы болуп иштеген акыркы күндөрүм мага эч кандай деле ырахат тартуулаган жок. Күн сайын мен тизмеде азыраак жана тазараак бөлмөлөр болот деп үмүттөнчүмүн, бирок күндөгүдөй эле чипсылар, сыра жана «Кока-Коланын» бош идиштери чачылган бөлмөлөр туш келчү.

Мейманканадагы акыркы жумушчу күнүм эң жакшы күн болду! Жыйнай турган бөлмөлөр болгон жок, бирок жумушчу жамаат тарабынан аябагандай чоң торт коюлуп, менин дарегиме көптөгөн мактоолор менен ыраазычылыктар айтылды. Ал турсун мындан ары бул жерде иштебей турганымды эстеп бир аз капалуу да боло түштүм.

Анткени менин бул алгачкы жумушум жашоомдогу аябагандай чоң тажрыйба болду да. Анда мен тартипке жана жоопкерчиликке үйрөндүм. Кайсыл бир жерлеринде байкабай калган жаңылыштыктар, моралдык жана физикалык жактан үзгүлтүккө учуроолор  болсо дагы мен дал ушул бош орунду тандап алганыма таптакыр өкүнбөй элем.

Андан кийин болсо тасмаларда, теле берүүлөрдө жана «америкалык кыял» деген плакаттарда көбүрөөк кездешкен Work&Travel программасы менен баргандар саякаттачу шаарлар боюнча сапарга аттандым.

СүрөттөрHolly HayesKent Kanouse (Flickr).