Видео: Укук коргоочу «жогорку кызматтагы чиновник» кол салгандыгын айтууда

Укук коргоочу Динара Муканбаева 9-сентябрь күнү белгисиз адам тарабынан токмоктолгон — ал кол салуунун «жогорку кызматтагы чиновниктердин» бири уюштурушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Муканбаевага 9-сентябрь күнү, унаасына отуруп жатканда Бишкектин борборунан кол салышкан — белгисиз адам анын артынан унаага кирип, укук коргоочуну муунтуп баштаган.

«Ал менин артыман келе жаткан, мен жөн гана өтүп бара жаткан киши го деп ойлогом. Ал мени бир колу менен муунтуп баштады. Анан орусча адепсиз сөздөр менен эгер ишимди токтотуп, болгон маалыматтардын бардыгын, соттолгондор тууралуу маалыматтарды бербесем, башкача сүйлөшө тургандыктарын айтты», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Укук коргоочу кол салууну уюштурган адамдын ким экендигин биле тургандыгын айтууда — ал белгилүү себептер менен аты-жөнүн айта албай турган «жогорку кызматтагы чиновник».

«Алар ЖАМК (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы) менен өз ара байланышта. Мен абакка киргенимде дароо эле ага кабарлашат. Кимге, качан жана кантип киргендигим — бардыгын көзөмөлдөнүп турат», — деди Муканбаева.

Бул Динара Муканбаевага карата жасалган алгачкы коркутуу эмес — августтун ортосунда белгисиз адамдар анын айдоочусуна кол салышып, башына кыш менен урушкан.

Бир нече ай мурун укук коргоочунун кеңсесине өздөрүн атайын кызматтын өкүлдөрү деп тааныштырган эки адам келген. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Муканбаеванын кеңсесине барган адамдар аларда иштебей тургандыктарын билдирген.