Маек: Украинадагы таланттар шоусуна катышкан Бишкектик окуучу

15 жаштагы Айыма Айылчиева украиналык X-Factor таланттар шоусуна катышкандан кийин Кыргызстанда атагы чыккан. Ал Kloop.kgге маек куруп, таланттар шоусунда кандай кыйынчылыктар болгондугу жана катышуу анын жашоосун кандай өзгөрткөндүгү тууралуу айтып берди.

Айыма украиналык X-Factor шоусунун биринчи баскычына Майкл Джексондун «Who’s loving you» деген ыры менен катышкан.

Төрт күндүн ичинде анын аткаруусу тартылган видеону YouTube сервисинен 40 миңден ашык киши көрүп, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан.

Ал кыргызстандыктардын көбү аны макташып, «кээ бир кайрымдуу адамдар» жолго акча берип, финансылык жактан колдоп жаткандыктарын айтты.

Калыстар тобунун мүчөлөрү Айыманын «өзгөчө келбетин» белгилешип, аны мыкты аткаруусу үчүн макташкан. Жыйынтыгында ал мүмкүн болгон төрт «ообанын» төртөөсүнө тең ээ болгон.

Азырынча Айыма экинчи турга өткөн-өтпөгөнүн айтпай эле, анткени шоунун эрежесине ылайык, азырынча ал маалыматты ачыкка чыгарууга болбойт.

Айыма — X-Factorдун Кыргызстандан барган экинчи катышуучусу, биринчи болуп ага Маргарита Скочило деген Бишкектик студент кыз катышкан, анда ал дагы Майкл Джексондун ырын аткарган.

«Икс-фактор» — постсоветтик мейкиндиктеги популярдуу таланттар шоусу, ал британиялык The X Factor долбоорунун анологу. Украин шоусунун учурдагы бешинчи сезону 23-августта башталып, 27-декабрда аяктайт.