«Азаттык»: Ошто Газага аттанган тажик жараны кармалды

Ош аба майданында "Палестина мусулмандарын коргоо үчүн согушка барам” деп жолго чыккан тажикстандык жаран кармалды.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.

Шаардык милиция иштин чоо-жайын териштиргенден кийин тажик жаранын улуттук коопсуздук кызматынын карамагына өткөрүп берүүнү көздөп жатат.

Түркия аркылуу Палестинага барууга камданган Тажикстандын Хожент шаарынын тургуну Камил Рахматов 45 жашта. Үч кыз, бир уулдун атасы, жубайы мугалим.

Рахматовду милиция кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтардын негизинде Ош-Стамбул учагы рейске чыгаарга жарым саат калганда кармаган.

Камил Рахматовдун өзүнүн айтымында, Палестинага баруу оюн аялы колдогон эмес. Бирок Рахматов «кой» дегенге көнбөй, палестиндер үчүн согушууга аттанганын «Азаттыкка» айтты:

- Газа секторундагы уруштан аялдар, балдар азап чеккенин теледен көрүп атабыз. Мен бу сапарга өз эрким менен чыктым. Барып, мусулмандарга жардам берем. Уруш кылабыз. Эч кимден кеӊеш да, уруксат да сураган жокмун. Ар ким өзүнө өзү кожоюн да. Бизде аялдар мындай кадамга каршы болушпайт. Бирок менин аялым кетишимди каалаган жок. Түшүнбөсөң кой деп баса бердим.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кармалган тажик жаранынын чет элдик байланыштары аныкталгандан кийин Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилерин билдирди:

- Биз аны менен бир топ иликтөө иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жакынкы Чыгыштан же Араб өлкөлөрүнөн согушка барууга үгүттөгөн күчтөр бар деген шек бар. Булардын кетүү жолдорун, байланыштарын аныктагандан кийин Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп беребиз. Анын кийинки тагдыры эл аралык келишим, мыйзамдардын негизинде чечилет.

Учурда Палестинага урушка аттанган тажик жараны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Ош милициясы тажик жараны Түркияга эмне үчүн Оштон учууга аракеттенгенин, анын аталган өлкөдө же Пакистанда байланыштары бар-жогун иликтөөдө.

Кыргызстан да араб өлкөлөрүндөгү согуштук аракеттерге аттангандардан куру калган жок. Бирок Улуттук коопсуздук кызматы акыркы убакта урушка барган кыргызстандыктардын агымы азайганын айтууда. Буга чейин кеткендердин ичинен бешөө мерт болгонун УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов тастыктады:

- Биз Сирияда жихад болуп жатабы же башка кызыкчылыктардын күрөшү болуп жатабы деген суроону коюп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин ал жакка баргандардын агымы суюлду. Бүгүнкү күндө Сирияда токсондон ашык кыргыз жараны согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Анын ичинен беш жарандын каза болгондугу аныкталды.

Буга чейин Сирияда жүрөт деген 100дөй жарандын онго жакынын кыз-келиндер түзөрү айтылган. Күч органдары алар негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарарын, ал турмушка чыккан согушкер өлсө, башкасына турмушка чыга аларын, колдон колго өткөн фактылар бардыгын билдирген.

Сирияда согушкерлерден машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга камданып жатат деген шек менен айрым топтор да кармалган.