Журналист: Кыргыз гезитинин редактору Норвегиядан саясий башпаанек сураган жок

«Маалымат» сайтынын редактору Дайырбек Орунбеков «Искра» гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеевдин саясий башпаанек суроо үчүн Норвегияга кеткендигин четке кагууда. Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Айтикеевди жалган жалаа жабууга айыптаган болчу.

Маалымат каражаттары аркылуу кабарланып жаткандай Айтикеев саясий башпаанек сурап Норвегияга кеткен жок — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде «Маалымат» сайтынын редактору Дайырбек Орунбеков билдирди.

Орунбеков учурда Айтикеев Санкт-Петербургда экенин жана жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайтып келээрин айтты.

«Ал (Айтикеев) мага чалып, анын Норвегияга учуп кетип, ал жакта саясий башпаанек сурагандыгы жөнүндөгү маалыматтардын жалган экенин айтты», — деди ал.

Кыргыз тилдүү «Искра» гезитинин редакторунун Норвегияга кеткендиги тууралуу маалымат Кыргызстандын бир нече маалымат каражаттарында пайда болгон — «АКИпресс» агенттиги бул тууралуу Орунбековго шилтеме жасап жазган.

«Айтикеев [...] учурдагы бийликти сындап келген журналисттердин бири. Депутат Өмүрбек Текебаев административдик ресурсту пайдалануу менен журналистти соттоттуп, абакка каматкысы келген. Анын өлкөдөн чыгып кетишине ушул себеп болду», — деп жазган «АКИпресс» Орунбековдун айткандарын.

24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен Айтикеевдин Швецияга учуп кеткендигин жазган.

«Анын жакындары түшүндүрүшкөндөй, Адилет Айтикеев ага карата соттун акыйкат чечим чыгараарына үмүттөнбөстөн Швецияга кеткен. Азырынча Айтикеевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтарга УКМК да, ИИМ да ээ эмес», — деп жазылган 24.kg агенттигинин сайтында.

Текебаев аны «мародер» деп атаган макаланы гезит бетине чыгарганы үчүн Айтикеевди жалган жалаа жабууга айыптаган.

«Айтикеев мага жалаа жаап жатат. Ошондуктан анын үстүнөн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жаздым. Алар үч күн ичинде кылмыш ишин козгошу керек. Айтикеевдин айткандары далилденсе, мен мыйзам алдында жооп берем. Эгер далилдей албаса, ал жооп берет», — деген Текебаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

Айтикеевдин өзү болсо «ишеничтүү булактардын» негизинде жазгандыгын айтып, дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда. Эгер журналистке карата айыптоо өкүмү чыгарыла турган болсо ал 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып төлөп же бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.