Видео: Кыргызстандык спортчу чабандестер арасында дүйнө чемпиону болду

56 жаштагы Василий Саратовцев жеңил арабалар менен жарышуу спортунда алгачкы кыргызстандык чемпион болду. Ал Kloop.kgге өз жеңиши жана Москвада өткөн чемпионатта тартылган видеосу менен бөлүштү.

Чемпионат 6-7-сентябрь күндөрү Москванын борбордук ат майданында өткөн.

Кыргызстандык Василий Саратовцев он өлкөдөн барган атаандаштарынан озуп, Чабандестердин арасындагы XXVI эл аралык чемпионатта биринчи болду.

Мелдештер төрт негизги жарыштан турган — алардын экөөсүндө Саратовцевдин аты биринчи келип, упайларынын жалпы эсеби менен Кыргызстандын спортчусу жеңүүчү болуп табылган.

«Бул спорттун түрү боюнча Кыргызстандын тарыхында дүйнөлүк деңгээлдеги мындай ийгиликтер боло элек болчу», — деди Саратовцев.

Жеңил арабалар менен жарышуу спортунда таскак менен тез чуркай ала турган атайын аттар катышышат. Анын жүрүшүндө атты чиркелген эки дөңгөлөктүү жеңил арабада отурган  чабандес башкарат.