Видео: Депутаттын унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда каршы тилкеге чыгып жол эрежесин бузууда

Мамлекеттик 0043 KG номурлуу «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаа жол чырак кызыл күйүп турган маалда авариялык сигналы менен үн сиренасын иштетип, карама-каршы тилкеге чыгып өтүп кетти. Депутаттык унаа тарабынан жол эрежеси 11-сентябрь күнү кечинде Бишкектеги Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Видео депутаттык унаа тараптан жол эрежесинин бузулгандыгына күбө болгон Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан тартылган. Азырынча 0043 KG деген мамлекеттик номурдун эл өкүлдөрүнүн кимисине таандык экендиги белгисиз.

Урматтуу окурмандар, бул номурдун парламент депутаттарынын кимисинин атына бекитилгендигин аныктоого жардам бериңиздер.