Видео: Билим берүү министринин унаасы «Тойота Камри» менен сүзүштү

Жол кырсыгы 5-сентябрь күнү Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон — билим берүү министри Канат Садыковдун «Тойота Хайлендер» үлгүсүндөгү унаасы «Тойота Камри» менен сүзүшкөн.

Билим берүү министринин «Хайлендери» Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жатканда «Камри» үлгүсүндөгү унаа Токомбаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулуп жаткан.

«Камринин» айдоочусу Айхан Дүйшеева Kloop.kgге берген маегинде ал жол чырак сары күйүп турганда бурулгандыгын айтты.

«Күндөгүдөй эле бет маңдайымда келе жаткан унааларды өткөрүп, жашыл күйүп турганда күтүп токтоп тургам, анан жашыл күйүп-өчүп, сары түс күйдү. Мен бардык унааларды өткөргөм. Анан солго бурулганымды билем. Анан сокку болду. Сокку бир топ эле катуу  болуп, мен эсимди жоготуп койдум», — деди ал.

Бир канча убакыттан кийин Дүйшеева эсине келген — анын жолдошунун айтымында, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кырсыкка Дүйшееваны күнөөлөшкөн.

«Мен күтүүсүз абалга туш болуп, денем калтырап, эмне болуп жатканын баамдай албай калгам. [...] Жолдошум келип, эмне болгонун билүү үчүн милиционерлер тарапка кеткен. Келип: «Сен күнөөлүү турбайсыңбы. Маичилер сени жашыл күйүп турганда бурулган деп айтышты», деди. Мен андай кылмак эмесмин, [...] 10 жылдан бери профессионалдуу унаа башкарып келем, ал убакыттын ичинде мен тараптан бир  дагы эреже бузулган эмес», — деди ал.

Дүйшеева менен болгон маек толугу менен:

Көзөмөл-камерасына тартылып, жарыяланган видеого ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жөө адамдардын жол чырагы кагылышууга бир секунддан аз убакыт калганда кызыл күйгөн.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде болжолдуу маалыматтар боюнча жол кырсыгына «Камринин» айдоочусу күнөөлүү экенин айтты.

«Эреже боюнча солго бурулуп жаткан айдоочу түз келе жаткан унааны өткөрүүгө милдеттүү. Бирок бул боюнча экспертиза тагыраак  маалымат берет. Териштирүүнүн жүрүшүндө көзөмөл-камерасынын видеосу да эске алынат», — деди Оторов.

Билим берүү министрлигинин кабыл алуу бөлүмүнөн Kloop.kgге Садыков сыркоолоп жумушка келбегендигин жана азырынча жол кырсыгы менен видео боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыгын айтышты.