Apple компаниясынан iPhone 6 Plus жана тамырдын согушун өлчөй турган сааттар

Apple компаниясы Купертинодогу бетачар иш-чарасында эки жаңы продуктусун: iPhone 6 жана iPhone 6 Plus деген эки чоң смартфонун, ошондой эле Apple Watch акылдуу сааты менен жаңы iOS 8ди коомчулукка тааныштырды.

Күтүлгөндөй эле кечээки күндүн башкы жаңылыгы жаңы iPhone, тактап айтканда, ал телефондун эки үлгүсү — 4,7 дюйм диоганал экрандуу iPhone 6 жана 5,5 дюйм диоганал экрандуу iPhone 6 Plusтун чыгышы болду.

Эки жаңы телефондун мүнөздөмөлөрү дээрлик толугу менен өзгөртүлгөн:

[table id=2 /] АКШда эң арзан модификациясы (iPhone 6 16 GB) байланыш оператору менен эки жылга келишим түзүү менен 199 доллар турат. iPhone 6 64 GB — 299 доллар; iPhone 6 128 GB — 399 доллар болот.

iPhone 6 Plus 16 GB түзүлүшүнүн баасы — 299 АКШ долларын, iPhone 6 Plus 64 GB түзүлүшүнүкү — 399 доллар, ал эми iPhone 6 Plus 128 GB түзүлүшүнүкү — 499 долларды түзөт.

Apple Watch

Андан сырткары кечээ Apple өткөн жылы эле көрсөтөбүз деп убадалаган акылдуу сааттары менен тааныштырды.

Видео-трансляция менен түрдүү басылмалардын байкоочуларынын пикирлери боюнча, зал компаниянын жаңы түзүлүштөрүнө аябай кубанып турду, ошентсе да суроолор болбой койгон жок — компания өкүлдөрү аккумулятору жана анын Apple тарабынан чыккан башка продуктулар менен туташуу жолдору тууралуу эч нерсе айтышкан жок.

Компания сааттарды үч модификацияда сатат — Apple Watch, Watch Sport жана Watch Edition.

Компаниянын сааттары анын капталындагы кичинекей дөңгөлөкчөнүн жардамы аркылуу башкарылат — аны менен сүрөттүн өлчөмүн өзгөртүп же өйдө-төмөн тез жылдырып, керектүүсүн тандап көрүүгө болот.

Андан сырткары сааттар баскандагы күчтү ажырата биле турган сенсор экран менен жабдылган. Ошондой эле Apple Watch үн менен башкаруучу Siri системасына ээ болгон.

Саттардын үч модификациясынан сырткары компания алардын эки көлөмүн жана башкы дисплейдин көптөгөн түрдүү варианттарын иштеп чыккан.

Сааттарды компаниянын акыркы үч жыл ичинде чыккан iPhone 5, 5S, 5C, ошондой эле жаңы 6 жана 6 Plus телефондору менен синхрондоштурууга болот. Жаңы түзүлүштөр зымсыз заряддоочу каражаттар аркылуу кубаттанат.

Компаниянын Купертинодогу башкы кеңсесинде тааныштырылган жаңы ойлоп табууларынын арасында төлөмдөр системасы жана жаңы iOS 8 дагы бар.