Видео: «Кумтөрдүн» Ысык-Көл облусун өнүктүрүү үчүн бөлгөн акчалары кандайча сарпталууда

Курулуп бүтө элек мектептер, спортзалдар жана медициналык объектилер ири алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылып жаткандыгы боюнча күмөн саноолорду жаратат. Фирма жыл сайын өз кирешесинин 1 пайызын Ысык-Көл облусунун өнүгүүсү үчүн бөлөт.

Кыргызстандын ири салык төлөөчүсү «Кумтөр» бөлгөн каражатты Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду башкарат. Акыркы беш жылдын ичинде фондго 23 млн. АКШ долларынан ашык (1,2 млрд. сомдон ашык) каражат келип түшкөн.

Бул акчалар Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.

Бирок акыркы жылдарда ондон ашык курулуш объектилери аягына чейин чыгарылган эмес же эреже бузуулар менен курулган.

Коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенген «Трансперенси Интернешнл» эл аралык уюму облусту өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражатты сарптоо процедурасында коррупцияга жол бере турган факторлор болушу ыктымал деп шектенип жатат.

Kloop.kgнин кабарчылары Ысык-Көл облусунда болушуп, Өнүктүрүү фондунан кайсыл имараттардын курулушуна ондогон миллион сомдор бөлүнгөндүгүн жана ал имараттар учурда кандай абалда экендигин көрүп келишти.

Ак-Терек айылындагы спорткомплекс

Бөлүнгөн: 16 млн. сом;
Жалданма компания: «ТоргСтрой» ЖЧКчы;
Курулуш мөөнөтү: 2011-2013-жылдар;

Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын жашоочулары Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги спорттук зал менен жергиликтүү жаштардын арасында сергек жашоо мүнөзү өнүгөт деп үмүт артышкан.

Комплекстин курулушу 2013-жылы эле аякташы керек болчу. Бирок жалданма компания — «ТоргСтрой» компаниясы — долбоорду аягына чыгарган эмес. Азыр имарат курулуп бүтө элек бойдон турат — анын маңдайкы бөлүгү гана курулуп бүткөн.

Жергиликтүү депутат Беккул Абдрахмановдун айтымында, «ТоргСтройдун» өкүлдөрү имараттын курулуп бүткөн тарабы тартылган сүрөттү тиркеп, курулуш иштеринин аяктагандыгы боюнча отчет тапшырып коюшкан.

Компаниянын өзү бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

Шор-Булак айылындагы мектеп

Бөлүнгөн: 26 млн. сом;
Жалдануучу ишкана: «ЗарнаСервис» ЖЧКсы;
Курулуш мөөнөтү: 2011-2013-жылдар;

Тоң районунун Шор-Булак айылындагы мектептин курулушу 2011-жылдан тарта башталган. Объект эки жылдан кийин ийгиликтүү курулуп бүтүп, колдонууга берилген. Бирок курулуш аяктагандан бир нече ай өткөндөн кийин эле мектептин дубалдарында жаракалар пайда болуп, полдору бузулуп, шыптары көгөрүп баштаган.

Курулуш иштерин мектептин мугалимдеринин өзүлөрүнө бүткөрүүгө туура келген — эшиктеринин бардыгы кайрадан жасалып, шыптары сырдалып, спорттук залы кайрадан жабдылган.

Мектеп директору Нуркул Эркинбаев алар  жалдануучу «ЗарнаСервис» компаниясы менен байланыша албай жаткандыктарын айтат.

«Жалдануучу компания менен байланышууга аракет кылганбыз. Бирок алардын кайсыл жакта экенин билбейбиз. Мүмкүн башка мектептин курулушу менен алек болуп жатышкандыр», — дейт директор.

Компаниянын өзү болсо бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз.

Желе-Дөбө айылындагы Фельдшердик-акушердик пункт

Бөлүнгөн: 335 миң сом;
Жалдануучу компания: белгисиз;
Курулуш мөөнөтү: 2007-2009-жылдар;

Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы жалгыз фельдшердик-акушердик пункт 2009-жылы жаңыланган. Бирок жаңы имаратты куруунун ордуна жалдануучу компания кыш мезгилинде иштөөгө мүмкүн болбогон курама эски финн үйүн алып келип койгон.

Фельдшер Салтанат Суранова Kloop.kgнин кабарчысына үйдүн дубалдарындагы жаракалар менен полдорундагы тешиктерди көрсөтүп берди.

«Кышында суук. Үй жылытылбайт. Мындай шарттарда иштөө өтө эле оор», — деди ал.

Дархан айылындагы Жаштар борбору

Бөлүнгөн: 28 млн. сом;
Жалдануучу компания: белгисиз;
Курулуш мөөнөтү: 2009-2014-жылдар;

Дархан айылы — жашоочуларынын арасында жаштар басымдуу кылган Жети-Өгүз районундагы эң чоң калктуу конуштардын бири. Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, аларга бул борбор жаштардын бош убактыларын өткөрө турган жай катары керек.

Борбордун курулушуна каражаттын аз-аздан бөлүнгөнүнөн улам ал узакка созулган курулушка айланган.

«Мурда мунун ордунда совет доорунда курулган эски клуб бар болчу. Аны бузуп, ордуна жаңысын куруп башташкан. Клуб айылга керек — бизде жаштар көп», — дейт жергиликтүү бийликтин өкүлү Нурбек Жакыпов.

Эшперов айылындагы мектептин терезелерин алмаштыруу

Бөлүнгөн: 710 миң сом;
Жалданма компания: «Ремис» ЖЧКсы;
Иштин мөөнөтү: 2012-жылы;

Жалданма компания Эшперов айылындагы мектептин бардык терезелерин алмаштырып бериши керек болчу, бирок ищтин жарымын гана аткарган. Мектеп директору Назар Муратбек уулунун айтымында, жалдануучу компания байланышка чыкпай калган.

«Биздин эскилеринин бардыгын чыгарып салууга жетишпей калганыбыз кубандырат — азыр эшик, терезелери жок калмак экенбиз», — дейт ал.

Балыкчыдагы «Каркыра» базары

Бөлүнгөн: дээрлик 9 млн. сом;
Жалданма компания: «Дастан» курулуш компаниясы;
Курулуш мөөнөтү: 2011-2014-жылдар;

«Каркыра» базары Балыкчы шаарынын жашоочулары үчүн соода кылуучу жай болуп калышы керек болчу — жакынкы базар Чолпон-Атада жайгашкан. Долбоордун документтерине ылайык, курулуш боло турган жер сейсмоактивдүү болгондуктан базар жеңил курама тузүмдө болушу керек болчу.

Бирок жалданма компания оор түзүм үчүн пайдубал тургузган. Курулуш иштери курулуш компаниясынын башчысы каза болгондон кийин биротоло токтотулган. Азыр базардын орду бош турат.

Светлая поляна айылындагы жаңы мектеп

Бөлүнгөн: 40 млн. сом;
Жалданма компания«ТоргСтрой»;
Курулуш мөөнөтү2011-2014-жылдар;

Жети-Өгүз районунун Светлая поляна айылындагы окуучулар үч сменде окууга аргасыз. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду мектеп үчүн кошумча имараттын курулушу үчүн 40 млн. сом бөлгөн.

Бирок үч жылдан бери курулуш иштери бүтпөй келет.

«Ал 2011-жылдан бери турат. Быйылкы жайда эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок», — деди мектеп директору Рахат Абдиева.

«Жакшы менеджерлер жок»

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин башчысы Улан Маликов маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда каражаттын сарпталышына акча бөлүп берип жаткан айылдын бийлиги көзөмөл жүргүзүшү керектигин айтты.

«[...] жакшы менеджерлер жок. Айыл аймактарынын башчыларынын бардыгы тең иш бөлмөлөрүндө отуруп, кызматтык унаалар менен жүрүп, сууга түшпөстөн жакшы менеджерлерден болуулары керек да. Туурабы?», — деди Маликов.

Ал каражаттын сарпталышын эмне себептен байкоочу кеңештин өзү көзөмөлдөбөй тургандыгы жөнүндө берилген суроого түз жооп берген жок — Маликовдун айтымында, анын иштеп жатканына бир гана жыл болду жана көпчүлүк объектилердин курулушунун майда-чүйдөлөрүн билбейт.

Өнүктүрүү фондунун дирекциясынын башчысы Руслан Элебесов жалданма компаниялар менен иштөөдө көйгөйлөрдүн бар экендигин мойнуна алды — анын айтымында, бир эле жалданма компаниянын ишинен кийин 12 «көйгөйлүү объект» пайда болгон, алардын 7син учурда Башкы прокуратура текшерип жатат.

«Ал объектилерге 9 млн. сом бөлүнгөн, алардын 5,5и өздөштүрүлгөн», — деди ал.

Байкоочу кеңеш менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясынын жетекчилиги коорупциялык иштерге байланыштуу акыркы беш жылдын ичинде бир нече жолу алмашкан.

Өнүктүрүү фондду 1997-2011-жылдар аралыганда башкарган Дүйшөбай Долубаевге каршы «каражатты максатсыз пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Долубаевдин кетиши фонддун алдындагы Байкоочу кеңештин курамынын толук алмашышына алып келген.