Видео: Казак активисттери Путин менен Назарбаевге тарых китептерин жөнөтүп жатышат

Казакстандык активисттер Орусиянын президенти Владимир Путинге тарых китептери салынган посылка жөнөтүп жатышат. Алар Орусия лидеринин «казактарда эч качан мамлекеттүүлүк болгон эмес» деп айтканына нааразы болуп жатышат.

Акция Орусиянын президенти Владимир Путин «Селигер» жаштар форумунда сөз сүйлөгөндөн бир апта өткөн соң болууда.

Лагердин катышуучуларынын бири президентке Казакстанда «улутчулдуктун күчөп жаткандыгы» жана анын орусиялыктарга кооптуулугу тууралуу суроо берген. Жооп катары Путин Казакстандын жарандарынын басымдуу бөлүгү Орусия менен жакындашып, мамилелеш болууну каалай тургандыктарын билдирди.

Андан соң Орусия президенти «казактарда эч качан мамлекеттүүлүгү болгон эмес» деп айткан — анын бул фразасы казакстандыктардын арасында эң көп талкуу жараткан темалардын бири болуп калды. Ал Путиндин айтканына кыжыры келген Казакстандын жарандары тараптан көптөгөн ачуулуу комментарийлерди жаратты.

Назарбаев «Хабар» телеканалына берген маегинде эгер Казакстандын кызыкчылыктары интеграция боюнча өнөктөштөр тарабынан сакталбаса өлкө Евразиялык биримдиктин курамынан чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирген. Орусия менен Казакстан Бажы биримдиги боюнча өнөктөштөр болуп эсептелишет.