Видое: Ырчы Дөөлөтбаков «Жол кайгуул кызматынын инспекторуна» ырдап берүүдө

Кыргыз ырчысы Самат Дөөлөтбаков айдоочусуна айып пул төлөтпөшү үчүн Бишкектин Жол кайгуул кызматынын инспекторуна ырдап берди — ал көрүнүштү бишкектиктердин бири видеого тартып алган. Колдонуучулар ал роликти аны атайын даярдалган болушу мүмкүн деп шектенип жатышат.

Милиционер үчүн ырдап берип жаткан Дөөлөтбаковдун видеосу 4-сентябрда YouTube жана Blive видеошэрингдик порталдарда пайда болгон.

Blive порталынын колдонуучулары Дөөлөтбаковдун ырдап жаткандыгы тартылган видео атайын даярдалган деп шектенишкен.

«Бул да өзүн пиар кылайын деп чечиптир да. Аялы менен күйөөсү — бирдей. Баарынан да күлкүлүүсү, инспектор старшина болуп, жылдызчасы жок болуп турса да өзүн улук лейтенант деп тааныштырып жатышы», — деп жазган Danko аттуу колдонуучу.

Дөөлөтбаковдун бул видеосу анын жубайы — Айида максым сатып алуу үчүн унаасын Бишкектин борборундагы унаалар өтчү жерге токтотуп кеткендиги тартылган видео тараары менен дароо чыкты.

Самат Дөөлөтбаков — белгилүү кыргыз поп-аткаруучусу жана ONE MAGAZINE эркектер журналынын ээлеринин бири. «Сени издейм» жана «Жалгызым» деген ырлары менен атагы чыккан.